www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 27-июнда Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын өлкөнүн туңгуч президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Түркмөнбашынын рухий мечитине» зыярат кылуудан баштады.

Күмбөз менен мечит Ашхабад шаарына жакын жерде, Сапармурат Ниязов туулган Кыпчак айылында жайгашкан.

Күмбөздө Президент Садыр Жапаров Ардактуу кароолдун коштоосунда Сапармурат Ниязовдун 1948-жылы Ашхабаддагы жер титирөөдө каза болгон энеси менен эки бир тууганынын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар койду. Сапармурат Ниязов өзү да ошол жерге коюлган.

Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулыев каза болгондорго багыштап куран окуду.
Алардын жаркын элесине таазим эткен соң Садыр Жапаров 10 миңдей адам бата турган өлкөдөгү эң чоң мечит – “Түркмөнбашынын рухий мечити” менен таанышты.

Андан кийин Садыр Жапаров Ардактуу кароолдун коштоосунда Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коюп, ал жердеги Ардактуу меймандар аллеясына бак отургузду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости