www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-май күнү ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Лейлек районунун чек арага чектеш Арка-1, Арка-2 айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугуп, коомдук тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бу тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сүйүн Өмүрзаков жарандардын коопсуздугун сактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бул айылдарга коюлган блок постторго барды.

"Министрдин биринчи орун басары милициянын кайгуул топтору менен биргеликте чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элдин үйлөрүн кыдырып, коопсуздукту камсыздоо боюнча маселелерди жеринде чечүүдө. Арка-1, Арка -2 айылдарында төгүлгөн шагылдар алынып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн жолдор дагы тазаланды", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр 29-апрелде таңга маал курчуп, куралдуу жаңжалга айланган. Анын кесепетинен жалпы 178 адам жаракат алып, анын 34ү каза болду. Мындан улам 1-2-май Кыргыз өлкөсүндө улуттук Аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.


 

Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости