www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - УКМКнын жалган кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып жүргөн жаранды аныктады. Мекеме кабарлагандай, анын аракети Кылмыш-жаза кодексинин «жасалма документ жасоо» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Такталгандай, жаран өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштурам деп, жабырлануучулардын ири суммадагы акчасын алып жүргөн. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгон.

Шектүүнүн өздүк унаасын тинтүү учурунда Жогорку Кеңештин аппарат кызматкеринин күбөлүктөрү, мекеменин имаратына кирүүчү документ, Орусиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Орусиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы табылып алынган.

Материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Эми анын иштерине юридикалык баа берүү маселеси каралат. Кылмышка шектүү учурда жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берген.

УКМК анын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына 03922 51180 номери аркылуу байланышуусун же мекеменин 0312 660475 нөөмөт кызматына кайрылса болорун эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости