www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан эми гана дараткана кагазын өндүрүп, өлкөбүздү камсыздай баштаганда, өнүккөн өлкөлөр өз аймагында туруп алып эле, дүйнөнү башкарганга үлгүрүштү. Айтайын дегеним, ири дөөлөттөр арасында жаңы, согуштук технологиялар тармагында курал жарышы башталып кетүү коркунучу тургансыйт.
Ушул маалда АКШ, химиялык жана биологиялык куралдарды жасап, кишисиз танк, учкучсуз учак сыяктуу автономдуу жаналгыч-роботторду жасап үлгүрдү. Ал эми, биз сыяктуу жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер, жаңы, технологиялык курал менен алдыга озуп чыгып келе жаткан өлкөлөрдү көрүп, коопсуздугубузду унутуп деле калат окшойбуз.
Өлкөбүздө өкмөттүн же премьердин да эч кандай күчү жок болуп турган кезде, АКШ тараткан бул видеону көргөндө, жаканды кармайт экенсин.
Учурда ири дөөлөттөр, бир катар согуштук куралдарды жасап, алардын макетинин видеосун таркатышты. Анда алардын бир нечесине көңүлүңүздөрдү буралы.
Адамдын жүрөк согушу аркылуу таанып билген лазер жасалды. АКШ нын ойлоп табуучулары, 200 метр алыс аралыктан эле, адамдын ким экенин анын баскан турганынан жана жүрөк согушу аркылуу биле турган лазердик курал ойлоп табышкан. Аталган курал адамдын ким экендигин 95% га чейин так, даана аныктап бере алат.
Мындан тышкары, АКШнын аскер күчтөрү деңиз аркылуу 1000 мильге (болжол менен 1900 чакырым) чейин аралыкты басып өтүп, жардыра турган замбирек жасашкан. Бийик үндү замбирек, алыс жакта жайгашкан өлкөлөрдү деңиз аркылуу жардырууга ылайыкташкан.
Муну менен катар, АКШ суперкомпьютер аркылуу, башка өлкөлөрдүн ядердик потенциалын башкаргысы келет. Бүгүнкү күндө, суперкомпьютер аркылуу, ар түрлүү тапшырмаларды аткаруу үчүн байма бай колдонуп келишүүдө. Аталган компьютер аркылуу, жер шаарындагы бүткүл өлкөнүн куралдык күчтөрүн жана кайсыл жерде бомба жайгашкандыгын, АКШ өз аймагында отуруп алып, сурепкомпьютердин жардамы менен эле билип кое алат.
Бул эле эмес, АКШ “сүйлөй турган” лазерлерди иштеп чыгууда. Мунун аларга эмне кереги бар дейсизби? Дүйнөдөгү аскердик мекемелер, аскердик куралдардын жаңы түрлөрүн жасап жатышканы жашыруун деле эмес. Мисалы, Британдык Daily Mail басылмасынын маалыматына карганда, АКШ иштеп чыккан бул лазер, кадимки адамдардан айырмаланып өлүп калбайт. Чыны менен бул лазер сүйлөп, буйруктарды алып жана аскерлерге маалымат берүүгө ылайыкташкан.
Айзат Эмилова
Булак: NazarNews.kg