www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ-Вулкан жарылып, аба ырайы кескин булганды

Филиппинде Тааль вулканы лава чыгара баштады. Ошондуктан жакынкы аралыкта жашаган он миңдеген тургундар көчүрүлдү.

Өкмөттүн маалыматына караганда 40 миңдей киши 200 убактылуу борборлорго көчүрүлдү. Ал эми Маниланын эл аралык аэропорту убактылуу ишин токтотту. Аэропортто 500 эл аралык жана ички рейстер токтотулду. Каттамдар токтотулгандыгы үчүн 80 миң киши көздөгөн дарегине уча албай калышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда Тааль вулканына жакын жерде 350 вулкандык жер титирөөлөр катталган. АР маалымат агенттиги кабарлаган мааалыматта лава 800 метр бийиктикке көтөрүлгөн.

Тааль Жердеги эң кичине вулкандардын бири  болуп саналат. Жанар тоо Манила аэропортунан 50 километр алыстыктагы Лусон аралында жайгашкан.

1572-жылдан тарта жанар тоо 30дан көп ирет атылган. Алардын ичинен 1911-жылдагы вулкандан 1335 киши каза болгон. Тааль жанар тоосунун жарылуусу акыркы жолу 1977-жылы болгон эле.

Кененирээк төмөндөгү сүрөттөр аркылуу көрсөңүздөр болот.

 

   

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости