www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коронавирустун түрү менен ооруган дагы бир адам  каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань аймагында экинчи адам жаңы вирустук оорудан  көз жумду. Каза болгон жаран  69 жаштагы эркек киши экендиги айтылды. Ал 31-декабрда  вирус жуктуруп алып, 4-январда абалы оорлогон. Дарыгердин аракетине карабай 15-январь күнү  каза болду.

Вирус жуктуруп алган  жаран менен байланышта болгон 763 кишинин 644ү медициналык байкоодон өткөн. Учурда медиктер текшерип жаткан 119 адамдан оорунун окшош белгилери табылган эмес.

Белгилей кетсек, аталган вирустук оору 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

Ал эми бул жылы жайылган вирустан, 41 кишиге жуккан, алардын 12си ооруканадан жакшы болуп чыгып, 5  адам оор абалда жатат, экөө көз жумду. Калган бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. 

Эске салсак, Кытайда пайда болгон жаңы вирус Кыргызстанга өтүп кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости