www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчылык өнөр менен элге таанылган Урмат Үсенов деген ырчы жигит Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кеңешчиси болбоду беле. Аныгында кеңешчилик кызматка кагылып-согулган, жетекчилик тепкичтерди басып өткөн, баскан жолу байсалдуу адамдарды коюш керек эле. Анан министр Жаманкулов өзү ЗЗ жашта болсо, кеңешчиси 38 жашта.

Анын үстүнө Урмат Үсенов мурун-кийин мамлекеттик, анан калса жетекчилик кызматтарда иштеген эмес, кантип, кандай «уникалдуу» кеңештерди берип атты экен?! Бул жерде тажрыйба, билим деңгээл эмес, экөөнүн тең Таластык экенин эске алып карасак, «жердешчилик» деген оорунун айынан Жаманкулов Урмат мырзаны кеңешчи кылып алганын баамдасак болот. Бирок, бүтүндөй бир өлкөнүн маданияты жердешчиликтен бийик болушу керек го, Азамат Капарович! Кандай дейсиз?..

Булак: “De-Факто”

Последние новости