www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жети-Өгүз районунда жер көчкү жүрүп, сарайдын дубалын бузуп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл аймагында 23-май күнү саат 16:00 чамасында Чоң-Кызыл-Суу айылында тоо этегинен өткөн каналдан суу тынымсыз агып, жээктеги жер кыртышына сиңип отуруп, көлөмү 480 чарчы метр болгон жер көчкү жүргөн.

Көчкү Мамбетакунов көчөсүндө жайгашкан сарайдын дубалын бузуп кеткен, жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге Жети-Өгүз райондук №36 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, айыл аймактан 7 кызматкер, 1 экскаватор, 1 КамАЗ, жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жана техникалардын жардамы менен жер көчкү толук тазаланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости