www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Суутулган ат” маарага жетпей калды

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, вице-спикер, вице-премьер-министр болгон Чолпон Султанбекова бул жолу эл колдобой, шайлоодо жеңилди.

Үгүт учурунда: “Токулган атмын, суутулган. Кыйналбайсыңар, минесиңер дагы чабасыңар. “Галяга” барып, өзүбүзгө тиешелүүнү “сүдүрөп” чыгабыз”, - деп таптакыр этикага, адабий тилге сыйбаган, аял кишиге ылайык келбеген сөздөрдү айтып уят болду. 

Даяр суутулган атты, минип чапкылары келген жокпу, же минип чабышса дагы жакшы суутулган эмеспи, маарага жетпей калды. Айтор, утулду. 

Мына “саясий элитага” аралашып, эл тагдырын калчап жүргөндөрдүн деңгээли ушул. Анан кантип баш чайкабай коёсуң?

Последние новости