www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төлгөсү төп келген Света Тойгонбаева менен бүгүн партиядан чыгарылып, кечээ жакында камакка алынгандар жана кызматка жаңы келгендер тууралуу сүйлөштүк.

Өмүркулов катуунун алды, жумшактын үстү менен жүргөн өтө сак адам болгону менен азыркы абалы кубанарлык эмес. Эмнегедир ойго батып турат. Бийликтен да ал күткөндөй жакшы мамиле болбой, эмнегедир жарык тийбей турат.

Ошондой эле эки чоң тоскоолдукка жана каралоого туш болот деген аян келди. Бул адам үч жерден кан чыгарып жолун тазалатышы керек. Канды Манжыл ата, түркстан жана Манас ордого чыгарып, жолун ачтырбаса, аурасы да карарып, иши да туңгюка кептелет.

Бул киши катуу турам, адилеттик үчүн күрөшөм дегени менен мандатынан да кол жууп, ага катар кылмыш иши козголуп калышы ыктымал деген карталар түштү. Сыягы, мурда-кийин аралашкан иштери боюнча азыркы бийлик да кылмыш ишин козгоп, камакка алуунун аракетин баштайт көрүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости