www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакция астанасын күч түзүмдөрүбүз менен айрыкча сот, прокуратура органдарынан көңүлү “үч көчкөн журттай” калган жарандарыбыз көп атташат. Себеби жөнөкөй эле: алар акыры айласы кеткенинен адилеттик издеп, журналисттерди тирек кылышат. “Төртүнчү бийлик өкүлдөрү аркылуу үнүбүз ажобузга жетсе” деген үмүттөгү көп мекендештерибиздин бири Светлана Калиевна биздин гезит аркылуу көкүрөктөгү датын өлкө башчысына жолдоду.

-- Светлана айым, эмесе сөздү көкүрөгүңүзгө көк таштай тийген көйгөйдөн баштайлы. Ажобузга кандай датыңыз бар? Ал кишиге биздин гезит аркылуу кайрылууңузга эмне түрткү болду?

-- Кыргызда “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” деген сөз бар. Биз буга чейин мамлекеттик органдар менен өзгөчө сот, прокуратура тармагындагыларга эч бир үнүбүз жетпей, адилеттүүлүк издеп акыры ажобузга маалымат каражаттары аркылуу кайрылууга аргасыз болдук. Өлкөбүздүн сот департаментинин директору Рустам Ибраимов баш калаабыздын “Аламүдүн” базарынын жанындагы мен жашаган үйдү тартып алуу аракетин жасоодо. Бул жигит менен үйүмдү мыйзамдуу алкакта талашып жүрүп суй жыгылдым. Бул аралыкта майып да болуп калдым. Акыры айлам кеткендиктен “Рустам Ибраимовдун каракчылыгынан мени арачалап, куткарып калар бекен?” деген илгери үмүт менен өлкө башчыбыз Сооронбай Жээнбековго силердин гезит аркылуу кайрылууга аргасыз болуп отурам. Антпесем болбой калды. Урматтуу Сооронбай Шарипович, мени Ибраимовдун кордугунан куткарып, жалгыз үйүбүздү өзүбүзгө калтырып берүүгө көмөкчү болууңузду суранам!

-- Сиз атаган каарман өлкөбүздөгү сот департаментин башкарса, илимдүү эле неме экен, сиздин үйүңүз банк менен талашка түшүп жатса, а эмнеге анда “жанына күч келип” талашып жатат? Жөндөн-жөн талашпайт эле да, туурабы? Сиз жөн эле ыза менен ал кишини жамандап жаткан жоксузбу?

-- Рустам Ибраимов менин үйүмдү талашканынын себеби өзүнчө узун сабак кеп. Анын баарын айтып отурсак кагаз бети түт келбейт. Мен жашап жаткан үй убагында банктан туура эмес, ашыкча баага бааланып, ошондогу алган насыянын айынан талашка түшүп (болбогон сумма үчүн) чырга айланганы, акыры талаш сотко чейин жетип, ишти карап жаткан Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Белековага Ибраимов маселени менин пайдама чечип бербөөсүн айтканы, 3 жыл, 10 ай карап жаткан документтерди четке кагып, менин доо арызым менен эмес, тосмо арыз аркылуу банктын пайдасына чечтиртип, жеке өзүмдү 7 миллион сомго карыз кылып койгону жалган дейсиңерби? Мурдагы АТФ, азыркы “Оптима” банкы убагында бизди алдоо жолу аркылуу алешемдиктер менен түзүлгөн келишимдин айынан жашап жаткан үйүбүз чырга айланып, сотко жетет. Мына ошол жерден иштин маңызынан кабар алган Рустам Ибраимов сот аркылуу биз жашап жаткан үйдү алганга жандалбастап жатканын калпка чыгарабы? Мени президент кабыл алып, маселени адилет териштирүү үчүн тиешелүү органдарга тапшырма берсе, баардыгын төкпөй-чачпай, кенен-чонон айтып бергенге эрким жетет. Дагы кайрылам, президент мени Рустам Ибраимовдун “тырмак астынан” куткарып калуусун суранам!

-- Президентке чейинки сот, прокуратура органдарына кайрылып көрдүңүзбү? Азыр эми аларга кайрылгандан деле оңчулуктуу жыйынтык чыкпайт да, ошон үчүн Сооронбай Шариповичтин өзүнө кайрылууга аргасыз болдуңуз да, ээ?

-- Дал ошондой десем болот. Буга чейин кайрылып эле жаттык. Тыңгылыктуу жооп болгон жок. Анткени, буга чейинки башкы прокурор Индира Жолдубаева Рустам Ибраимовдун курсташы болгонунан кабардар элек. Ал биздин ага жазган арыздарыбызга Аламүдүн районунун прокурору Жанар Мырзакановдун оозу, анын жазган каты менен жооп бердирип койчу. Азыр эми Индира Жолдубаева кызматынан кетти, илгери үмүт менен парламент депутаттарына, тиешелүү органдарга Рустам Ибраимовдун үстүнөн кайрылып жатабыз. Баардыгынын жообу эле “соттор боюнча тартип комиссиясына баргыла” дешет экен. А тартип комиссиясындагылар соттор боюнча кудум эле “карга карганын көзүн чокубайт” деген кыргыздын таамай айтылган кебин тастыктап беришкенин эч кайда катууга мүмкүн болбой калды.

-- Сиз Ибраимовдун үстүнөн президентке маалымат каражаттары аркылуу ачык доомат коюп кайрылып жатпайсызбы? Соттордо тааныш-билиши бар ал киши сиздин сөзүңүздү жокко чыгарып, өзүңүздүн үстүңүздөн фемида өкүлдөрүнө кайрылса, айткан кептериңизди далилдүү фактылар менен келтире жооп бере аласызбы?

-- Далилдүү фактылар менен, албетте, келтирип бере алам. Азыр ал ортодогу үй талашты Жогорку соттон шашылыш каратып, чечтирип алууга жандалбастап жатат. Анткени, ал жакта анын Феруза Жамашева баштаган тааныштары бар. Ал жактан Ибраимов жогорудагыдай тааныш-билиштери менен кантип жардам албай койсун? Учурда бул иш Жогорку сотто жаңы жагдайлар аркылуу каралуу алдында турат. Ошондуктан, ушул иш Жогорку соттон каралгыча президентке кайрылууга аргасыз болуп турабыз. Сөздүн кыскасы, мен бул иштердин баарысын далилдеп берем. Далилдеп бере албасам анда мени атып салгыла!

-- Президент сизди кабыл алышы күмөн го... Эгерде өлкө башчысы сиздин ага кайрылууңузду укпай, анын айланасы гезит аркылуу жардам сураганыңызга кат аркылуу “тигил органга жөнөттүк, териштирүүгө бердик”   деген өңдүү адат болуп калган көнүмүш жоопторун узатышса, кандай кадамдарга барасыз?

-- Мен жогорудагы айткан пикирлеримдин баарысын Сооронбай Шариповичке көзмө-көз жолугуп, ал кишиге далилдер менен айтып берүүнү көксөп келем. Ошондуктан, өлкө жетекчибизден мени кабыл алуусун суранам. Эгерде президент кабыл албай, үнүм эч кимге угулбаса, 20га жакын үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен көчөдө калуу коркунучунда турабыз. Президент баш болуп үнүбүздү укпаса, анда биз ар кандай кадамдарга барабыз. Албетте, бул коркутуу эмес. Болгону арга кеткендеги акыркы кадам болуп калды. Ошондуктан, урматтуу президент мырза! Эгер сиз Башмыйзамыбыздын гаранты болсоңуз бизге окшогон карапайым атуулдарга адилеттик кылып, бизди кабыл алып, үнүбүздү угуп, соттордогу ээнбаштарды кызматынан карап көрбөсөңүз болбой калды.   

Рустам Ибраимов деген ким?  

Жогорудагы маектешибиздин пикирлеринен соң биз Рустам Ибраимовдун ким экендигине, алтургай анын баскан изине кызыгып көрдүк. Мындай шартта бир катар күмөндүү суроолор пайда болууда. Андыктан, биз ага карата айтылган пикирлерди ылгап алып, Рустам мырзанын өзү жөнүндөгү күбүр-шыбырлар тууралуу болгону суроолорубузду берип көрөлү да. Албетте, Рустам Изираилович өзү тууралуу айтылган кептерге үн катып, “түйүндү чечсе”, анын да пикирин тыңдап көргөнгө неге болбосун?

Урматтуу Рустам мырза! Жогорку сотко караштуу сот департаментинин башчысы катары сиз тууралуу бир катар күбүр-шыбырлар ушул кезге чейин айтылып келет. Башкасын албаганда да кызматтык милдетиңизден улам 2015-жылы сот департаменти “Тойота камри” үлгүсүндөгү машина алууга тендер жарыялап, ошол машина алуудан оңбогондой пайдага туйтунганыңыз тууралуу басма сөз каражаттарына чыккан маалыматтарга эмнеге жооп узатпайсыз? Ошол кызматтык милдетиңизден улам сот департаментине сатылып алынган компьютерлер тууралуу каңшаарлар тарап, андагы сатып алуулардан да “кол кесер” сындуу пайда тапканыңыз боюнча күбүр-шыбырларга “ак” же “көк” деп койсоңуз болот беле? Башкасынан да жогорудагы майып айым Светлана Калиеванын айыптоолоруна эмне демекчисиз? Баса, сиз Жогорку соттун төрайымынын орун басары Феруза Жамашеванын күйөөсүнүн досу экениңиз ыраспы? Убагында досуңузду ортого салып, азыркы кызматыңызга Жамашева аркылуу келгениңиз чынбы? Экс-башкы прокурор Индира Жолдубаеванын курсташы экениңиз айтылып жүрөт. Бул жагын ачыктап коё аласызбы? Учурда айтылуу Манас Арабаевдин ордуна келген Санжар Исабаев кезегинде Феруза Жамашеванын окуучусу катары анын жардамчысы болуп иштегендиги айтылып жүрөт. Айталы дегенибиз, аны да Феруза Жамашеванын күйөөсү болгон досуңуз аркылуу “колго алып”, аны кызматтык “крышаңыз” катары кабылдап, ага артыңызды такап жүрөсүзбү?

Биз суроолорубузду гана бердик. Жооп бериш каарманыбыздын өзүнүн эркинде.

Элдияр Тимуров

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости