www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10 күн Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Таалайбек Сарыбашов парламенттик шайлоого катышууга кызыкдар. Ал бул тууралуу өзү билдирди.
«Бул менин жеке чечимим болду. Президент менен макулдаштык. Жогорку Кеңешке барып, депутат болуп, жалпы мамлекет үчүн кызмат кылсам, жакшы мыйзамдарды жазсам деген ойдо кызматты кайрадан тапшырдым. Себеби 26-августта мэр шайланат, шайлоодон кийин чечим кабыл албайын деп, убагында туура чечим кабыл алайын дедим. Жогорку Кеңешке барсам деген оюм бар», - деди Сарыбашов.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-августта Сарыбашов мэрдин милдетин аткаруучу кызматын өз каалоосу менен тапшырды.
Эске салсак, Таалайбек Сарыбашов 2-августта Бишкектин убактылуу мэри болуп дайындалган. Ошол эле күнү ал Бишкек мэриясында иштеген уулу Нурсултан Насирбековду ээлеген кызматынан бошоткон.
Булак: NazarNews.kg