www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гезитибиздин өткөн санында тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун жаңы китебинин негизги жоболору менен окурмандар менен бөлүштүк эле. Бул жолу да кыргыз тарыхына байланыштуу изилдөөлөрүнүн кызыктуу жоболорун сиздердин назараңыздарга сунуштайбыз.

Сүлүк каган Түргөш каганытынын тактысына болжол менен 715-716 жылдары келген. Ал кара түргөштөрдүн башын бириктирип турган аз уруусунан болгон. Сүлүк кагандын мезгилинде Түргөш каганаты гүлдөп өскөн дооруна жеткен. Ордосу Таласта болгон. Сүлүк чечкиндүү, өтө каардуу, эр жүрөк жана айкөл кагандан болгон. Ал чыгышта кытайлар менен, ал эми батышта арабдар менен салгылашып, душмандын мизин кайтарып турган.

Сүлүк каган чебер дипломатиялык кадамдар аркылуу кытайлар менен тынчтыкка жетишкен. Кытай императору ага Ашина түрктөрүнүн кызын аялдыкка берип, анын кагандыгын тааныган. Ал арабдар соккусунун мизин кайтарып, аларды Мавереннахрга киргизбей, чыгышка карай жылуусуна бөгөт коюп келген. Сүлүк кагандын чечкиндүүлүгү, эр жүрөктүгү үчүн арабдар аны Абу Музахим (сүзөнөк) Сүлүк каган деген ат коюшкан.  737чи же 738-жылы ички чыр-чатактардын курмандыгы болгон.

Тарыхый булактар боюнча аздар чыгышта да, батышта да экиге бөлүнүп жашаган. Академик В.В.Бартольд Батыш Монголиядагы аздар менен түргөш аздарын байланыштыруу мүмкүн деп жазган. Ал рун жазмаларында кыргыздар менен катар бир нече жолу аз уруусунун аты кездешээри аныкталгандан кийин, жетисуулук аздарды түргөштөрдүн бир бөлүгү катары карап, аларды Түргөш каганатынын чыгыш тарабына жайгаштырган.

Сүлүк кагандын бийликке келиши Экинчи Чыгыш Түрк (Көк Түрк) каганатынын төбөлдөрү Күл Тегин менен Төнү Көктүн енисей кыргыздары менен аздарга (Батыш Монголияга) болгон жортуулунан кийинки окуялар менен коштолуп турат. 711-жылы чыгыш түрктөрү енисей кыргыздарын талкалаган. Барсбек каган өлтүрүлгөн. Ал эми 715-жылы Күл Тегин аздарды Кара-Көл көлүнүн боюнда жеңип, аларды качууга мажбур кылат.

Окумуштуулар көпчүлүк ушул окуялардан кийин кыргыздар менен аздар Теңир-Тоого жер ооштуруп келген деп жазат. Бул өңүттөн алганда  аздар менен кыргыздар Жети-Сууга көчүп келип, бул жакта жаңы кагандык түптөөгө белсенип киришкен десек болчудай. Кыязы, алар бул жерде кара түргөштөрдүн төбөлү Сүлүк каганды кагандыкка көтөрүшкөн. Сүлүк каган өзүнө ишенимдүү жасоо түзүү максатында отуз-огландар союзун түзгөн десек туура болчудай.

744-жылы Көк Түрк каганаты ураган. Тогуз-огуздар (уйгурлардын ата-бабалары) өз каганатын тиккенге жетишет. Тогуз-огуздардын бийлигин тааныгысы келбеген көк түрктөр жана мурда буларга баш ийген алтайлык түрк уруулары енисей кыргыздарын колдоого өткөн. Ошентип, енисей кыргыздары менен тогуз-огуздардын ортосунда узакка созулган таймаш башталган.

Көк Түрк жана буларга баш ийген уруктардын жарымы аздар, кыргыздар, чумугундар, чигилдер Жети-Сууга жер которуп, бул жакта көк түрк тобун түзгөн. Ошого аздар менен карлуктар илгертен бери эле союздаш болушкан. Кийинчирээк Карлуктардын каганаты түптөлгөндө, аздар менен тухсылар түргөштөрдүн өкүлү анын курамына кирген.

Кыргыз каганынын генералдары Бойла Кутлук Ярган, Алп Сол Тепек, Або

Енисей кыргыздары менен тогуз-огуздардын ортосунда узакка созулган таймаш 840-жылы кыргыздардын жеңиши менен аяктаган. Буга кыргыздар менен карлуктардын союзу чоң роль ойногон. 840-жылга жакын Тогуз-огуз каганынын генералы Бойла Кутлук Ярган кыргыз каганы тарапка 100 миң аскери менен өтүп кеткен. Бойла Кутлук Ярганга таандык таш эстелигинде ал кыргыз экени, тогуз-огуз каганына кызмат кылып, генерал даражасына жеткени жазылган. Бойла Кутлук Ярган Тогуз-огуз каганатынын оң канатын жетектеген. Анын аскери тяньшандык карлук, чигил, шато-түрктөрү ж.б. уруулардан куралган. Ошого караганда ал теңир-тоолук кыргыздардан да болушу мүмкүн.

840-жылы кыргыз каганы менен Бойла Кутлук Яргандын аскери тогуз-огуздардын канынын ордосун талкалап, каганды колго түшүрөт. Анын башы алынат. Кыргыз каганы анын жесири Тайхон канбийке кытай империаторунун кызы болгондуктан, ага чакан аскер кошуп, аны атасына Кытайга жөнөтөт. Бирок тогуз-огуз ханзадаларынын бири жолдо бул отрядды талкалап, Тайхон канбийкени алып качып, Чыгыш Түркстанга жашырынып алат. 

Кыргыз каганы Кытай императорунун өтүнүчү боюнча генерал Алп Сол Тепекти 100 миң аскер менен Чыгыш Түркстанга Тайхон канбийкени бошотуу үчүн жөнөтөт. Алп Сол канбийкени издемиш болуп, бул жактагы далай шаарларды жана урууларды өзүнө багындырып кирет. Кытай императору өзүнүн аскер министрлери аркылуу, андан бардык согуштук аракеттерди токтотууну өтүнөт.

Ишти оңунан чечүү үчүн, император Алп Солду өзүнүн резиденциясына чакырып, кабыл алып, сый көрсөтөт. Ошондон кийин, Алп Сол императордун өтүнүчү менен кайрадан Енисейге кетип калат. Бирок 847-жылы генерал Або тогуз-огуздардын чачыранды аскер бөлүктөрүн издеп, жортуулга чыгып, Кашкарга чейин келип кетет. Бул согуштук жортуулдардын негизинде кыргыздар Теңир-Тоону өзүнүн көзөмөлүнө алууга жетишкен.

840-жылы енисей кыргыздары өз союздаштары карлуктар менен бирдикте Тогуз-огуз каганатын талкалап, Байкалдан Каспийге чейиинки мейкиндикке ээлик кылган. Ошол мезгилде Кыргыз каганы өзүнүн ордосун карлуктар турган Батыш Монголия чөлкөмүнө көчүрүп, карлук, аз, чик, алакчын уруулары менен коңшу жашап калган. Б.а. кыргыздар карлук ж.б. уруулар менен тыгыз ымалага өткөн жана өз союздаштары карлуктар менен чогуу көчүп келген десе болот.

Тарыхый булактарда кыргыздар ошол кезде стратегиялык деп эсептелген Кашкар шаарынын аймагында эң кубаттуу уруулар катары эсептелген чигил жана ягма уруулары менен катар эскерилген. Кыргыздар теңир-тоолук аздар, тухси, ягма, чигил уруулары менен камыр-жумур жашап келген. Кыргыздардын экинчи бөлүгү Таласта турган. Н.Бекрандын маалыматы боюнча, кыргыздардын үчүнчү тобу Тоолуу Бадахшанга чейин кирип барган.

Кыргыздар Тоолуу Бадахшанды стратегиялык аймак катары көргөн. Бул жерден кыргыздар Ооганстан, Бухара, Самаркандды көзөмөлгө алган. Ошондуктан Мургаб жана Каратегинде кыргыздардын аскерий бөлүктөрү турган десе болот. Б.а. Алай, Мургаб, Каратегин байыркы Улуу кыргыз мамлекетинин чегин аныктаса керек.

Бул аймактан алар душмандардын аскеринин жылышын көзөмөлдөп турган. Мындан башка, Бухара, Гиссар, Куляб ж.б. шаарларга Кашкар, Алай тараптан келаткан кербендердин тоскоолсуз өтүшүн камсыз кылып, Улуу Жибек жолунун үзгүлтүксүз иштеп турушун камсыз кылып турган болсо керек. Мына ошого күнү бүгүнкүгө чейин Тоолууу Бадахшан, Каратегин, Бухара, Гиссар, Кулябтын тегерегинде кыргыз, карлук урууларынын жашап жаткандыгын көрүп турабыз.

Таластык кыргыздар жана Кара тегин баатыр

Х-кылымда саманийлер Таласты басып алагандан кийин, Тоолуу Бадахшанды Каратегин деген кишиге тапшырышат. Уламыштарга караганда, Каратегин журту ошол баатырдын атынан калган имиш. Анын теги Таласта жайгашкан Исфиджаб шаарынан болгон. Анын уругунун атынан азыркы Каратегин жер аты келип чыккан деген уламыш бар. Ошол аскер адамы Тоолуу Бадахшанда туруп, 961-жылы салгылаштардын биринде каза болгон. Анын сөөгүн Исфиджаб шаарына алып келип коюшкан. Б.а. бул адам таластык түрк уруусунан болгон. Балким кыргыз болгон.

Ошол мезгилде Таласта отуз-огландар, аздар, чигилдер, ягмалар жашашкан. Булардын ичинен отуз-огландар, аздар кыргыз уруулары болгон деп айтсак болот. Махмукд Кашгари өзүнүн «Дивани лугат ат-Турк» аттуу китебинде Караханийлер каганатында караханийлерге таандык «Хакания өлкөсү» деген облустун бар экендигин жазган. «Шах-намэдеги» маалыматтарга караганда, Тараз шаарында турган атактуу чарук уруусун жана тараздыктарды хакандыктар деп атаган. Б.а. Хакания өлкөсү Таласта болгондугун болжолдоого болот.

С.Ахсикендинин маалыматы боюнча, Манастын чоң атасы Каркырабектин Каркыра өлкөсү Таласта болгон. Анын уулу Жакыптан Манас туулган жана ал Кара-Кыштакта бийлик жүргүзгөн. Х-кылымдагы «Худуд ал Аалам» китебинде кимактардын өлкөсүндө кыргыздар менен байланыштуу Каркырахан ээлигинин болгондугу айтылат. Бул маалыматарды салыштырып, М.Кашгаринин Хакания өлкөсүн С.Ахсикендинин Каркыра (хан/хакания) ээлиги деп таанысак болот. Б.а. Хакания өлкөсү бул Каркыра ээлиги десек жанылышкан болбойбуз.

Кыязы, алтайлык аздар менен кыргыздардын өлкөсү Каркырахан аталып, ал эми теңиртоолук аздар менен кыргыздардын ээлиги Каркыра же Хакания өлкөсү деп аталган болсо керек. Каркырахан улусу кимактарга карап, ал эми Каркыра (Хакания) областы Караханийлер каганатынын карамагында болгон.

Аздар менен караханийлер

Караханийлер өз жүрүштөрүн алгач Талас чөлкөмүнөн баштаган. Хакания өлкөсүнүн да Талас өрөөнүнөн орун алып жатышы, караханийлер мамлекетин түптөөдө аздар менен кыргыздардын ролу чоң болушу мүмкүн экендигинен кабар берет.

840-жылы кыргыздар Тогуз-огуз каганатын талкалагандан кийин, Теңир-Тоодо да бийлик алмашкан. Кыязы, кыргыз каганы өзүнө тууган уруктардан болгон теңир-тоолук аздарды колдосо керек. Ошого аздар енисей кыргыздары менен бирдикте Кашкардын тегерегиндеги ягма жана чигил урууларына үстөмдүк кыла баштаса керек. Ал эми 940-жылы Сатук Бугра хан караханийлер мамлекетин тиккен.

Караханийлер урууларынын айрым бөлүктөрү кара-кытайлар жана монголдор доорунда Түндүк Кавказга жылып кеткен. Бүгүнкү ногойлордун арасындагы аз уруусун кара аз деп коюшат. Аздардын курамында шотук и култас/култы-ас, тарту-уллу-ас, кара-ас, ак-ас шомакалы ас, доьрткил-ас (төрт бурчтук тамгалуу ас), куулар-ас, онпу улу, салду улу ж. б. уруктар байкалат. Бул аттарды кыргыздардын азык (кара азык) же төрт тамгалуу азык, култай, солто ж.б. окшоштурсак болот. Шотукту караханийлер мамлекетин түптөгөн Сатык Буграхандын аты менен салыштырсак эптүү.

Кимак - ала карга

«Кимак» этнонимин «чумугун» уруусунун аты менен байланыштырышат. М.Кашгаринин сөздүгүндөгү маалыматка таянсак, огуздардын тилинде «чумук» деп ала карганы аташкан. Ал эми карлуктардын ябагу уурусунун аты «ала тай» деген маанини берген. Б.а. чумугунь уруусу карлуктардын, аздардын, кыргыздардын таасириинде калып, өз атын жана тотемин ябагу деп өзгөртүп алган десек болот. Ябагулар половецтердин курамында кулобо (кула/ала/пегий уруусу) деген атта белгилүү болгон. Кыргыздардын саруу уруусунун ичинде култай же кулатай, ал эми казак кыпчактарда кулатай-кыпчак деген атта сакталып калган. 

 «Кыпчак» - ак кууну түшүндүрөт

Кыпчак элинин келип чыгышы көпчүлүктү кызыктырат. Бири буларды коман половецтеринин уруусу дешет, экинчиси өзүнчө уруу дейт. Айтор, талаш көп. Биз изилдөөбүздө кыпчактардын тегин ашина уруусунун санжырасында эскерилген енисей кыргыздарына тууган-урук куу уруусуна байланыштуу карадык. Куу уруусу, куманды суусунун боюнда жашаган. Буларды кытайлар кухэ деп атаган. Тобол уругунун тотеми куу же ак куу болгон. Ал эми кыргыздардыкы каркыра болгон.

Х-кылымда Кимактардын каганатында Каркырахан деген кыргыздар менен байланыштуу улус эскерилген. С.Ахсикенди Манастын чоң атасы Каркырабек деп эскерет. Куу уруусу менен кыргыздар байыркы аз элинин эки чоң бирикмесин түзгөн. Х-кылымда кимак союзана кирген уруулар батышка жылып, ал жакта командар же половецтер деген атта таанымал болгон. Бул командардын кийинки мууну кыпчактар деген ат менен таанымал болгон.

Кыпчак сөзү ошол эле кууну же ак кууну түшүндүргөн. Себеби, Алтайдан чыгыштагы монгол-түрк урууралы ак кууну хобоши деп атаган. Булар хориларда, кондогорлордо, шошолок ж.б. урууларда асман кызы Хобоши аттуу ак куу тууралуу көптөгөн генеалогиялык уламыштар бар. Бул уламыштар куу кижи, куулар, кыргыз, ногой, адиги ж.б. элдерге да кеңири тараган.  

Санжырада Хобошиден жогорудагы аты аталган элдердин уруу-уруктары тарагандыгы айтылат. Хобоши алтайлыктардын тилинде кыпчак деген форманы алып калган десек болчудай. Кыргыз жана кыпчак тууган-уруктардан болгондуктан, алар дайыма эриш-аркак көчүп-конуп жүргөн. Алар Саян-Алтай чөлкөмүнөн Теңир-Тоого журт которушкан.

Табылды Акеров, доцент, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости