www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомчулуктун кызыгуусун жараткан үч саясатчынын “Апрель” телеканалын сотко бергени боюнча Табылды Акеровго байланышып, пикирин билдик.

- Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров “Апрель” телеканалын сотко берип, чындап абийрин коргоп жатабы же кимдир бирөөнүн талабын аткарып, кызмат үмүт этип жатышабы?

- Алар «Апрель» телеканалын эле сотко беришкен жок. Булар Атамбаевди да сотко берип жатышат. Атамбаевдин азыркы абалы кыргыздын «эмне эксең ошону оросун» деген сөзүнө дал келип жатат. Атамбаевдин доорунда саясатчыларга, ММКларга карата өтө эле кыйын абал түзүлгөн. Күчтүү саясатчыларды, оппозицияны куугунтукка алып, камоолорду жүргүзүп, өкүм катуу эле.

Мисалы, К. Ташиев, А. Келдибеков сурак берип, камалып, көп запкы жеп калган. А. Бекназаров адвокаты болчу. Далай гезиттер жабылган, «Сентябрь» каналын кандай кыянаттык менен жаап коюшканана элдин баары күбө болгон. Кезинде Атамбаевдин оң колу Икрамжан Ильмиянов Камчыбек Ташиевдин "7- канал" деген телеканалын тартып алган дешет.

Атамбаев бүгүн туушуккан абалды эч нерсе менен түшүндүрө албайт экенсиң. Кечээ эле тоону оңкоруп, асманды үстүнө таштап жиберчүдөй көрүнгөн Атамбаев өзү башкаларга койгон тузакка түшүп олтурат. Албетте, экс-перзиденттин мындай абалына өкүнбөй кое албайсың. Чоң үшкүрүнүп, Р. Отунбаевадай болуп эле, тынч сый көрүп жүрө бербейт беле деп, ойлойт экенсиң.

Айла канча, Атамбаев көгөрүп, чоң саясатта калам деп жатат. Мезгил анын тилектерине төп келбеген башка процесттерди тартуулап жатат. Бирок, бир нерсени так айтсак болот. Ал Атамбаев түшкөн тузактын аты бар. Ал «келме кезек деп аталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости