www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек Жээнбековго, Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамаатынын атынан Кайрылуу 

Урматтуу Асылбек Шарипович!

Биз Сизден коллективде көп убакыттан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүбүздү туура жана калыс чечим чыгарып берүүңүздү өтүнөбүз!

Коллективдеги абдан оор моралдык жана психологиялык абалдын пайда болуусунан улам жана саламаттыкты сактоо министрлигиндеги ар кандай иш бузуулардын айынан биз дарыгерлер Иманбаева С.С. жетекчилиги астында иштөө мүмкүн эмес деп эсептейбиз.

Мындай абалдын түзүлүшүнүн негизги себептери болуп төмөнкүлөрдү белгилейбиз:

1. Бөлүм башчынын өзүнүн кызматтык абалын ашыкча колдонуу менен, бөлүмдөгү медициналык жабдыктарды жеке кабинетине алып кетүү менен өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүсү.

2. Швейцариялык Кызыл Крест коому тарабынан бөлүнгөн операция жасалуучу микроскопту жападан жалгыз өзү иштетүү менен бирге, "Жогорку технологиялык фонд аркылуу бөлүнгөн хирургиялык жабдыктарды жеке жалгыз өзү иштетүүсү.

3. Ооруларды негизсиз жана жалган такталбаган диагноздор менен ооруканага жаткырылышы, мыйзамсыз жана бейтап баяндарын оңдоп түзөө менен пландуу операцияларды мөөнөтсүз жасоо. Бир канча бейтап баяндарын өз кызыкчылыгы үчүн архивге тапшырбай жок кылуу ( Грибинюк И.А. №36428, Казаков З.М. №36354, Умралиева №35999). Ошондой эле гуманитардык жардам аркылуу келген жабдыктар жазылуучу журналдын жоголуусу (жоголгондугу тууралуу эч кандай акт түзүлгөн эмес).

4. №1 Көз микрохирургия бөлүмүндө штатта жок дарыгер Ажыматова С,Ш. өзү ангионеврология №2,3 бөлүмүнүн штатында катталып, бирок эмгек кодексин одоно бузуу менен Иманбаева Салтанат Сулаймановнанын буйругу астында хирургиялык операцияларды жасаган.

5. Ошол эле Салтанат Иманбаеванын көрсөтмөсү менен Кыргызстанда каттала элек "Авастин" препараты көздүн ички катмарына жасалып, мындан мыйзамсыз акчалар чогулуп жана бул каражат өз кызыкчылыгы үчүн колдонулган.

6. Бөлүм башчы Иманбаева С.С. өзүнүн улуу медайым болуп иштеген Ниязалиева Э.Т. кызын эки жыл бою штатта кичи мед.кызматкер катары айлык маяна төлөп жүргөнү белгилүү болду. Бирок бул кызматкерди бир да күн бөлүмдө иштегенин эч бир кызматкер көрбөгөнүн тастыкташат.

7. Моралдык жана этикалык өзүн алып жүрүүсү жокко эсе. Анткени ошол эле оорулуулардын, алардын жакындарынын, жана кичи медперсоналдын көзүнчө ар кандай жаман сөздөр менен кызматкерлерге одоно мамиле кылуусу.

8. Бөлүмдөгү орундарды жалгыз Иманбаеванын чечими менен, көбүнчө өз кызыкчылыгын коргоо менен бөлүнүшү.

9. Эмгек тартибин одоно бузуу жана бөлүм башчылык функционалдык милдеттерин аткарбоосу (күндөлүк эрте мененки конференцияны өткөрбөй кечигип келүүсү, негизсиз жумушка келбей коюшу жана Улуттук Госпиталдын жума сайын откөрүлүүчү Медициналык жыйынга катышпоосу- бөлүм башчы милдеттүү катышуусу зарыл).

Жогоруда көрсөтүлгөн иш бузуулардын негизинде мекемелер арасындагы комиссия түзүлүп, саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте корутундунун негизинде Иманбаева С.С. ээлеген кызматынан бошотулган болчу. Бирок Шаардык соттук отурумдан кийин Иманбаева С.С. 12.10.2018-жылдан тартып кайра бөлүм башчылыка келген.

Бөлүмдүн жамааты Иманбаеваны кайрадан бөлүм башчы болуусуна толугу менен караманча каршы. Анткени жогоруда көрсөтүлгөн көптөгөн иш бузуулар фактылар менен далилденсе да эч кандый жоопкерчиликке тартылган жок. Тескерисинче кайра кызматына кайтарылып отурат.

Кызматынан бошотулган убакыттан тартып Иманбаева С.С. катардагы дарыгер болуп иштөөсү абзел болчу. Бирок 22.02.2018-жылдан тарта 6 айдан ашык убактылуу ишке жарамсыз кагазын алып, андан соң акысыз эмгек эргүүсүндө жүрдү.

Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы тууралуу кагаздарды текшерүүдө саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын түзүлгөн комиссиясынын иши, жана анын корутундусу жамаатыбызда бир канча суроолорду жана шек жаратты (№691 буйрук 17.08.2018ж.).

Анткени комиссия көптөгөн көз көрүүнө иш бузууларды көңүлгө албаганы аз келгенсип, жүрөк оорусу менен ачылган бюллетендин экспертизасын №6 Шаардык клиникалык ооруканасынын терапевти Аллохулова А.Д. караган. Бул киши кардиолог эмес!

№6 ШКОнын директору Исмаилов К.И. Иманбаева С.С.тин туугандары экени бизге белгилүү.

Ал эми Асымбекованын жеке клиникасынан ачылган эмгекке жарамсыздык кагазы комиссияга көрсөтүлгөн да эмес. Бул кагазда (8Р №1599238) Иманбаева С.С. "Лейомиома, острая постгеморрагическая анемия" диагнозу менен стационардык дарыланганы көрсөтүлгөн.

Ушул эле убакытта Иманбаева С.С. 30.06.2018 ж. Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн конференцияга катышканы, 19.06.2018 ж. "60 секунд" телевизиондук оюнунда ойноп жүргөндөгү видеоматериалдар бар экенин айтылган,

Ошондой эле 02.07.2018 жылдан тарта берилген 8Р №177979 номерлүү эмгекке жарамсыз кагазында стационардык дарыланганы белгиленгени менен оорунун диагнозу көрсөтүлгөн эмес.

Ошондон улам жамаатта комиссиянын ишине, экспертизага ишеним артпай атайын туугандарынын, тааныштарынын жардамы менен калыс корутунду чыкпаганына көзүбүз жетип отурат.

2018-жылдын башынан баштап бир жыл бою биздин жамаат чындык жана калыстык издеп бир катар мекемелерге кайрылганбыз:

КР Президенти - Жээнбеков С.Ш.

КР Премьер министри - Абылгазиев М.А.

КР Саламаттыкты сактоо министри - Чолпонбаев К.С.

КР Саламаттыкты сактоо орун басары - Караев М.М.

КР ЖК депутаттары: Момбеков Р.Ч.

Касымалиева А.К. ж.б.

Ушул убакыт арасында бир канча комиссиялар, кызматтык изилдөөлөр өткөрүлүп, жогорудагы айтылган иш бузуулар фактылар аркылуу далилденип Иманбаева С.С. ээлеген кызматына татыктуу эмес деген корутунду чыгарылса да. Иманбаева өзүнүн көп жылдар ичинде өздөштүргөн коррупциялык схемалар аркылуу, өзүнүн жогорку кызматта туугандарыньш жардамы менен жана ЖК кээ бир депутаттар менен жакшы достук мамилеси аркылуу кайра кызматына келүү менен чектелбестен, эч кандай жаза албай келе жатат.

Жамааттагы туруктуу жумуш кырдаалын сактап калуу максатында, моралдык-психикалык климатты калыбына келтирүү үчүн жана дарыланууга келген оорулуулардын кызыкчылыгы үчүн Сизден калыс, туура чечим чыгарып берүүнүздү көптөн көп суранабыз!

Шаршеева Б.Ш. Найманбаева, А.С.  Кадыралиева А.А., Кенджаева Д.О., Бекбоева Ж.Т. Матова, Н.Т. Алишерова А.Б., Кочербаева А.К., Рузубаев О.Д., Мамазияева Н.А., Сагындыкова Ч.Ж, Медерова Г.Б.

Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлер жамаатынын атынан

Байланыш: Тоголок-Молдо 1, тел.ОЗ 12 66 3256

Жогорку Кайрылуу боюнча NazarNews.kg маалымат агенттиги изилдөөсүн баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости