www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравия Кыргызстандын  жекеле саламаттык сактоо эле эмес башка да тармактарына каражат бөлүп келгендиги жашыруун эмес. Ал эми медицина тармагын жакшыртууга 3 миллион 797 миң доллар грант бөлөт.

Бул жардам «Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдуу» долбоорун аткарууга берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы бул гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган. — 1 миллион 245,2 миң доллары суммасында «Ош облусунун Кара-Кулжа айылындагы жана Ысык-Көл облусунун Түп айылындагы медициналык борборлорду жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдуулар менен жабдуу»; — 960 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй облусунда карантиндик зонаны куруу»; — 1 миллион 440 миң доллары суммасында «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу».

Мындан тышкары Гранттык макулдашуунун алкагында жогоруда аталган долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн 151,8 миң доллары суммасында консультациялык жардам көрсөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости