www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоо деген өзү кызык тура. Текебаевдин тарапташтары, жакындары анын камактан чыгышын чыдамсыздык менен күтүп жатса, ага таарынгандар да жок эмес. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Текебаевге таарынып, ал тургай “Ата Мекен” партиясынын айрым ветеран саясатчылары да партиядан чыгып кеткен дейт.

Картайганда Текебаевди неге жамандап чыкты деп көптөр Ташболот Балтабаевди жаман көрүшкөн.

Көрсө, Текебаев мандатты алган добуштарын эске албай эле чечип койгон үчүн ызаасына чыдабай партиядан чыга качыптыр. Ошонун деми менен Текебаевге кылмыш иш козголуп, айласы алты кетип турган маалда ага каршы маек бериптир. Бирок, Текебаевге таарынып, партиядан чыккандардан Ташболот Балтабаев жалгыз эмес экен. Текебаевди сыйлаган Турат Мадылбеков, Жоомарт Сапарбаев, Бактыбек Калмаматов да бар экен.

Бирок, Текебаев Ташболот Балтабаевдин партиядан чыгам деген арызына ошол замат кол койсо, Мадылбековдукуна кол койбой, партиядан чыгарууну каалабаган дешет. Ичи муздап калган Мадылбеков партиядан чыгам деп көшөрүп чыгып кеткен экен. Кудай буюруп, Текебаевге баштагыдай оомат келсе, андан жүзүн буруп кеткен саясатчылар Текебаевди тегеректеп, кабылдамасында эрикпей күтөөрү бышык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости