www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун тургуну «Йакын инкар»  диний экстремисттик идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

УКМК Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Талас облусунун аймагындагы “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүдү.

2023-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаранын жыйынтыгында сот тарабынан тыюу салынган аталган  диний экстремисттик уюмдун тарапкери – 1990-жылы туулган Ш.С.Э. өзүнүн тандап алган диний багытынын катачылыгын түшүнүп, зыяндуу экстремисттик идеялардан баш тартып,  жарандарды бул кыймылдын  мыйзамсыз  идеологиясына алдырбоого чакырды.

Ошондой эле Ж.Э.И.  жана  С.М.К.аттуу жарандар менен тыюу салынган идеологияны жайылтууга жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости