www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластын бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 292 миллион 211,7 миң сом финансылык тартип бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылга карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, шаардын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
«Салык кодексинин 212-беренесин бузулган. 2022-жылдын жалпы жылдык кирешесине 283 миллион 542,6 сом болгон курулмалар жана имараттар (суу түтүктөрү) киргизилген эмес. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы кирешени бул суммага көбөйтүү менен Талас шаары боюнча МСКБга такталган отчет түзүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.
Мекеме Талас шаарынын мэриясынын бардык аудит жүргүзүлгөн түзүмдүк бөлүнүштөрүнө аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg