www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго
Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөбүз учурда тазалануу, жаңылануу жолуна түштү. Сиз демилгелеп, артыкчылык берген багыттарда алгылыктуу иш-аракеттер жасалып жатат. Тышкы саясатта өнөктөш мамлекеттер менен мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Коррупцияга каршы күрөш кулач жайып, мыйзам үстөмдүгү орноодо. Аймактарды өнүктүрүү боюнча программа ишке кирди. Ошону менен бирге көзөмөл, сот органдарындагы коррупция, адилетсиздик дагы эле күчүндө. Сотторго элдин ишеними төмөн бойдон калууда. Сиз жакында «кайсы жерде акыйкатсыздык өкүм сүрүп, чындык тебеленип жатса, анда жалпы эл шайлаган президент катары мен түздөн-түз кийлигишем» деп калыс сөз айттыңыз.

Биз, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим, билим, чыгармачылык, өндүрүш кызматкерлери белгилүү саясый ишмер, экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбековдун соттук иши боюнча сизге кайрылып жатабыз. Анткени, мурдагы бийликтен калган «мурас» саясый туткундардын бошотулушу кечигип жатканы бизди өкүндүрөт. Сизден мамлекеттик атайын комиссия түздүртүп, ага юстиция министрлигинин, илим чөйрөсүнүн, коомдук бирикмелердин юристтерин киргизип, Бекболот Талгарбековдун соттук ишинен «купуя сыр» грифин алдыртып, ишти терең териштиртип, жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялатып берүүңүздү өтүнөбүз.

Мамбет Мамакеев, Кыргыз Республикасынын Баатыры

Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын Баатыры

Турар Койчуев, академик

Каныбек Осмоналиев, олимпиада чемпиону

Тилектеш Ишемкулов, КР эмгек сиңирген ишмери

Медеткан Шеримкулов, КР ЖК экс-төрагасы (1990-1994)

Апас Жумагулов, КР экс-премьер-министри (1993-1998)

Мукар Чолпонбаев, КР ЖК экс-төрагасы (1994-1996)

Турсунбек Чыңгышев, КР экс-премьер-министри (1991-1992)

Абдыганы Эркебаев, КР ЖК экс-төрагасы (1997-2000)

Кубанычбек Жумалиев, КР экс-премьер-министри (1998),

Амангелди Муралиев, КР экс-премьер-министри (1998-2000)

Акматбек Келдибеков, КР ЖК экс-төрагасы (2010-2011)

Темир Сариев, КР экс-премьер-министри (2015-2016)

Муратбек Иманалиев, экс-тышкы иштер министри (1999-2001)

Жумагул Сааданбеков, ЖК экс-депутаты (1990-1994)

Накен Касиев, КР экс-мамлекеттик катчысы (1999-2000)

Кемелбек Ашыралиев,экс-губернатор (1991)

Медетбек Керимкулов, Бишкек шаарынын экс-мэри (1999-2005)

Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы (2004-2008)

Таштемир Айтбаев, УКМКнын мурдагы төрагасы (2005-2006)

Советбек Байгазиев, илим доктору

Жолборс Жоробеков, профессор

А.Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты

Эркин Булекбаев, ЖК экс-депутаты (1998-2005)

Ж. Ишекеев, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер

Четин Жумагулов, КУИА мүчө корреспонденти

Төлөбек Камчыбеков, экономика илимдеринин доктору

Бакыт Аманбаев, КР экс-акыйкатчысы

Б.Мамытов, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Турсунбек Акун, КР мурдагы акыйкатчысы

Адил Турдукулов, эксперт

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты

Исхак Масалиев, ЖК депутаты

Тынчтыкбек Шайназаров,  ЖК депутаты

Жанар Акаев, ЖК депутаты

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты

Мирлан Маматалиев, ЖК депутаты

Умбет Кыдыралиев, ЖК депутаты

Динара Исаева, ЖК депутаты

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты

Наталъя Никитенко, ЖК депутаты

Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты

Талант Мамытов, ЖК депутаты

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты

А. Алтынбеков, ЖК депутаты

Мирлан Жээнчороев, ЖК депутаты

Гүлнара Самат, ЖК депутаты

Алмаз Акматов, ЖК депутаты

Бакирдин Субанбеков, ЖК депутаты

Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты,

Нурлан Токтоматов, КР эмгек сиңирген кызматкери

Кубатбек Байболов, экс-баш-прокурор (2010-2011)

Бейшен Болотбеков, Нарын, Талас облустарынын экс-губернатору (1993-1996, 2008-2010)

Тынычбек Табылдиев, экс-вице-премьер-министр (2006-2009)

Камчыбек Ташиев, ЖК экс-депутаты (2010-2013)

Р.Сабиров, ЖКэкс-депутаты (2010-2011)

Турдубек Мамбетов, экс-губернатор (2010-2011)

Расул Умбеталиев, эксперт  ТЭК

Аликбек Жекшенкулов, КР Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (2005-2007)

Алмаз Акматалиев, экс-губернатор (2010) 

Эмилбек Каптагаев, экс-губернатор (2013-2015)

М.Мамбетов, КР эмгек сиңирген кызматкери

Ж.Жоробеков, КР илимине эмгек сиңирген ишмер

Нарын Айып, журналист

Олжобай Шакир, жазуучу

Токтобүбү Черикчиева, маданияттын мыкты кызматкери, ырчы

Токтобек Асаналиев, маданияттын мыкты кызматкери, ырчы

Асылбек Өзүбеков, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Элмирбек Иманалиев, КР эл артисти,

С.Касмамбетов, манасчы

Рита Салмоорбекова, илим доктору

К.Авазбекова, медицина илимдеринин кандидаты

А.Эрматов, депутат Р. Чыныбаев, коомдук ишмер

Замирбек Үсөнбаев, КР эл артисти.

Р.S. 6-февралдаЖогорку сот камактагы саясый туткун Бекболот Талгарбековдун арызын карап, анын мойнундагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбын толук алганы, эми болгону Сегизбаевдин «запасной варианты» 299-беренени калтырып койгону маалым болду. Каарманыбыз бул берене боюнча да алдыңкы күндөрү толугу менен акталат деген ойдобуз.

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости