www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонизиянын тургуну кесиптеши аны “Семиз"-деп  уяткарганы үчүн өлтүрүп туруп,өрттөп жиберген. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы Али Хери Санджайя жана 18 жаштагы Росида аттуу кыз менен,  бала кезден кошуна жашап, ресторанда чогуу иштешкен. Росида Санджайянын ашыкча салмагын баса белгилеп, дайым элдин көзүнчө семиз деп шылдың кылып келген. Ошонун айынан Санджайя өзүн жаман сезип, толуктугун кемчилик катары көрүп калган. 24-январь күнү Санджайя Росиданын мотоциклин айдап, үйүнө жеткирип коюуну сунуштап, кокос өсүүчү талаага барганда аны муунтуп өлтүрүп, алдын ала даярдап койгон бензин менен өрттөп салган.

Кийин ал кыздын мотоцикли менен уюлдук телефонун алып сатып жиберип, акчасын карыздарына берген. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү мейманканада жашынып жүргөн жеринен кармап, камакка алышкан.

Эми Санджайяны өлүм жазасы же 20 жылдан ашуун мөөнөт же өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости