www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев Италиядан келди, эмне жаңылык?

“Ата-Журт” партиясынын шайлоого бир жылга жетпеген убакыт калса да, элди кабыл ала турган же сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган кеңсеси жок экендиги белгилүү. Кечээ эле Италиянын Наполи шаарына жергиликтүү футбол клубдарынын биринде тарбияланып жаткан 14 жаштагы уулун кышкы каникулдан кийин жеткизип кайра келген Камчыбек Ташиев ушул кенемтени толуктоого киришненин угуп калдык. Жакында партиянын штабы ачылып, иштей баштайт. Февралдын орто ченинде болсо партиянын курултайы өткөзүлөт. Бул ирет партиялык тизмеде жаңы, булганбаган, жаш лидерлер көп болорун К.Ташиев убада кылууда. Камчыкенин эч нерседен кайра тартпаган, айтканын бербеген, эмне болбосун бетке айткан мүнөзү бар эмеспи. "Регион" телеканалына жылдын жыйынтыгы боюнча маек берип, бийликти "сен айтпасаң, мен айтпасам, анда ким айтат"- деген тейде сындап чыкканы көпчүлүккө жага бербей калды. Бирок, башкаларга окшоп кошоматтанбай, кырдаал боюнча чындыкты айтканы маанилүү. Себеби, президентке учурда баарын айдай көрсөтүп, мактап жаткан адамдар жетиштүү.

Ошол эле учурда, көп маалымат, чындык жетпей калат. Бул жагынан, өлкө ичиндеги кырдаалды ачык жеткизүү менен К.Ташиев бийликке жакшы кызмат кылып берип жатпайбы. Бул ачык маегинен кийин "Камчыбек Ташиев оппозицияга ооду"- деген пикирлер да арбын болуп кетти. "Сиз баштап чыксаңыз, биз дагы кошулат элек"- деп далысынан таптап колдонгусу келгендер андан көп. Италияда жүрүп, "сюприз" да камдап аткандай болду эле. Чын эле, Ташиевдин мындан кийинки позициясы кандай болот? Же ал чын эле бош калган оппозиция талаасынан ээлеп алгысы келип жатабы? Же бул шайлоо алдында саясий упай топтоонун эле бир амалыбы? Айтор, Ташиевге суроо көп, Кайрылсак, "мейли, жакын арада маек берем, ошондо точно айтам"- деп коюп, эки күндөн бери телефон көтөрбөйт. А-уу, Камчыбек Кыдыршаевич, барсызбы?

Булак: “Майдан.kg”

 

 

Последние новости