www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы 2010-2015-жылдагы шайлоолордо бийликтин бут тосуулары себеп болдубу, же кадыр-баркы анчалык жетиштүү эмеспи, айтор, бир буту ЖКга өтүп, бирок кире албай калган жайы бар. Кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка байланыштуу, Душанбедеги биздин элчи Жаныш Рустенбеков катуу сынга кабылып жатат. Анысы да түшүнүктүү, Рустембеков саясаттагы карт бөрү, алчусун давно алып тынган. Бул кызматты ал эс алууга путевка катары гана кабыл алып алган болчу. Ошондуктан да, канча чыр чыкпасын, элчинин сөзүн уга албадык. Акыркы маалыматтарга караганда, Ж.Рустенбеков кызматтан алынып, анын ордуна Адахан Мадумаровдун барары айтылууда. Саясаттан тажабаса да, партиясынын шайлоодон жеңип чыгаарына ишенбей калган А.Мадумаровдун акыркы учурда бийликке жакындап, кызмат соодалап жатканын уккан жайыбыз бар. Бир чети, элчи болуп барса, бул жакта жүргөндөн көрө Мадумаровдун ошол жактан кыргызга тийгизген пайдасы чоң болот эле...
Арина РЫСБАЕВА
Булак: “Майдан.kg”