www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук сотунун көчмө соту УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Айтымында, ал сот чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга кайрылат. Атамбаевдин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу тергөө абагына кармоого мүмкүн эмес экенин да айтышууда.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Ошондой эле, бул  иш боюнча мурдагы башкы прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге да айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости