www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикистан ЖККУга жардам сурап кайрылды

Тажикстан коңшу Афганистандагы абалдын кооптуулугунан улам Жамааттык кызматташтык келишим уюму боюнча союздаш өлкөлөрдөн жардам сурады. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

Аталган уюмдун туруктуу кеңешинин жыйынында Душанбенин өкүлү Хасан Султонов Тажикстандын Афганистан менен болгон чек арасы эң узун мамлекет экенин белгилеген.

"Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат", — деди Султонов.

Анын айтымында, Тажикстан кырдаал ЖККУ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Султонов түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

Эскерте кетсек, ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган.

2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган.

ЖККУ катчылыгынын өкүлдөрү аталган аймакка барып, абалды көрүп келишкен. Алар уюмдун кеңешине кырдаал боюнча маалымат берип турмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости