www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо системасынын абалы талкууланууда. Бул тууралуу кечээ "Достук" мейманканасында Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары чогулул, шайлоо системасын өткөрүүдөгү жаңы 9%ыздык босогонун тегерегинде өз ойлору менен бөлүштү. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы шайлоо системасына жарандар нааразы экенин айтты. Ал бул талкууда сүйлөп жатып өлкөдөгү саясий шайлоо системасы дискредитация кылганын билдирип, аны оңдош керек экенин кошумчалады,-деп жазып чыкты "Факты.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.
"Бул бүгүн эл колдоп жаткан жакшы идеяны бийлик колдобосо ал өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыкчылыгы жок. Бийлик эмнеге каршы? Анткени жаңы мыйзам кабыл алынып калса партиядагы талапкерлердин баары жапа тырмак иштейт. Ошентип оппозициялык жана жаш партиялардын шайлоодон утуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бүгүнкү бийлик деген ким? Бүгүнкү бийлик - Сооронбай Жээнбеков. Ал киши "мен парламентаризмди колдойм. Парламентаризм - негизинен партиялардын ортосундагы атаандаштык система. Аны да колдойм» деп быйыл апрелде айтыптыр. Алтын сөздөр. Колдош керек.
Ошондо Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү далилдеген болот. Анткени бул саясий коррупцияга каршы чоң аракет" - деди Текебаев. Ошону менен бирге Текебаев өз сөзүндө бийлик ар дайым элди укпай, аны сыйлабай калганда анын тагдыры революциялар менен аяктаганын да кошумчалады. Эгер шайлоо системасындагы барьерди 5%га чейин түшүрүп койсок, баардыгына бирдей мүмкүнчүлүктөр жараларын, азыркы коомдо жаштар, жаңы жүздөр келсин деген ураандар да өзүнөн өзү ушул система менен жоголорун да айтып өттү.
Булак:NazarNews.kg