www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Искусствонун кайсы тармагын албайлы, чын-чынында профессионалдуулук көөкөр таштай өзгөлөрдөн өзгөчөлөнүп турат окшобойбу. Тасма чыныгы жашоонун бир бөлүгү. Ал күзгү сымал өзүңдү чагылдырып көрсөтүп турат. Ошол күзгү аркылуу өткөн чактагы катабызды эскерип, келечекке карай багыт алып келебиз. Бул жолку каарманыбыз көптөгөн тасмаларда  роль жараткан мыкты актёр Сакын Карабаев. Талант, жөндөм, изденүүнү бир калыпка салган актёрдун тасма жаатында өз орду бар.

- Тасмада  өз жашоосундай  жашап кетүү керекпи?

- “Беш кол теӊ эмес” дегендей, актёрлордун аткаруу чеберчилиги дагы ар кыл. Айрым актёрлор берилген образды гана ойноп коёт. Ал эми кээ бирлери  ошол образдын үстүндө изденет, талдайт, тек гана роль дебестен ошол каармандын жашоосун эмоциясы менен кошо жашоонун өзүндөй боектуу жана таасирлүү көрсөтөт.  Ошондо гана чоӊ иш жаралат.

- Тасма сиз үчүн...

-  Кино мен үчүн нан таап жеген кесибим. Режиссёрлор бүтүндөй бир кинону жараткан сыяктуу биз, актёрлор каарманды жаратабыз. Искусство адамдарынын ар биринин өз почерки бар. Мындан келди өнөр адамынын жараткан эмгегинин изи десек туура болчудай. Анткени кино аркылуу көп жетишкендиктерим болду, мисалы, мени эл Сакын Карабаев  дебестен, “Бабахан” дешет. Же болбосо “Ак илбирстин тукумундагы”-Биялынын ролу аркылуу таанышат. Кино мен үчүн жашоодогу багынткан чоң ийгилигим деп ойлойм.

- Тасманын мыктылыгы режиссёрдун жүзү тура. Кайсы режиссёрлор менен бирге иштешип калдыӊыз?

- 1982-жылы Москвадагы ВГИКте Баталовдон актёрдук курсун аяктагам. Бактым бар экен, союзду дүӊгүрөткөн кинематографиянын алптары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин тасмаларында тартылып калдым. Атактуу, залкар режиссёрлор менен иштешкеним кийинки чыгармачылык жолума чоӊ  таасирин тийгизди. Алардан көп сабак  алдым, үйрөндүм.

- “Камера эч качан алдабайт” деген жакшы сөз бар. Сиздин көз карашыңыз...

- Ооба, эч качан камера алдабайт, режиссёр “баштадык” деп буйрук берип, оператор камеранын баскычын басканда гана актёрдун дарамети менен аткарган каармандын өздүгү экранга чыга келет. Тасмага тартылуу менен театрда образ жаратуунун айырмасы асман менен жердей. Тасмада кандай аткарсаң ошол бойдон өзгөртүлбөстөн камерада сакталып калат. Кийин сенин балдарың, неберелериң көрөт, тарыхта калат. Ал эми театрда спектаклдеги аткара турган ролуң бышып-жетилмейин сахнага алып чыга албайсың. Улам аткарган сайын ал ролуң сени кайра такшалтат. Кемчиликтериңди оңдоп, кийинкисинде катачылыктарыңды кайталабаганга белсенесиң. Театр актёрлору мына ошондой кадамдардан өтөт.

Чыгармачылыктын чыйыр жолуна адашып түшүп калуу түшүм бербеген талаага үрөн сепкенге барабар экен...

- Кээ бир кино фанаттар бар да тасмага тартылып актёр болууну бала кезден эӊсеп, аны иш жүзүнө ашырганга күч жумшап... Профессионал актёр болбосо дагы, аларды айыптаганга акым да жок. Аларга болгон көз карашым түз. Тескерисинче үйрөнчүктөрдүн аракетин көрүп, колдоп келемин.

- Сизди актёр Жоробек Аралбаевге окшоштургандар жок эместир...

- Чындыгында, мени көпчүлүк Жоробек Аралбаевге окшоштурушат. Жоробекти мага окшоштурушат экен. Кошуналар Сакын эгизиби деп дагы ойлошот экен. Жоробек менин жакын жакшы жолдош балам. Жаш режиссёр Амантур Ормуковдун “Бажарики” тасмасында башкы каарман Дамирдин (Жоробек Аралбаев)  атасын аткарып жатам.

- Ортодогу тыныгуу эмнеге байланыштуу болду экен?

- Союз кыйраган соӊ баарыбыз  кара курсактын камын ойлогон заманды дагы өткөрүп калбадыкпы. Үй-бүлөнүн кожоюну болгондон кийин бала-бакыраны багыш үчүн соода тарапка (бизнес) кетип калдым. Бирок союз доорунда “Мосфильм” киностудиясы тарткан “Ермак” тасмасында эпизоддук роль аткаргам. “ Свердловский” киностудия чакырып,  кинорежиссёр Виктор Кобзевдин “Золотая баба” тасмасында  Вогулду ойнодум. Америка киночулары келип “Чыӊгызханды” тартканда Чыӊгызхандын эӊ жакын жылкычысынын образын  англис сөздөрүн  жаттап алып аткардым... 20 жылдан кийин Айбек Дайырбеков “Аманат” деген тасма тартып калып, полковник Карабаевди аткарып калдым. Ошондон тарта тасмага кайтып келүү учурум башталды. Кинорежиссёр Геннадий Базаровдун “Туздуу талаа” тасмасында башкы ролду аткардым, Мурат Мамбетовдун “Махабатында” башкы ролду ойнодум. Юджинг Чанг продюсер болуп, режиссёр Чыӊгыз Нарыновдун “Жамгырдан кийин” тасмасында роль жараттым.  26-сентябрда премьерасы болот.

- Кыял менен жашайсызбы же максат мененби?

- Менин оюмча ар бир адам кыял менен жашайт го. Ошол кыялды ишке ашырууда тажрыйба керектелет. Тажрыйбаӊ аркылуу көксөгөн максатыӊа жетесиӊ. Максатты пайда кылууда оболу кыял деген “элестүү дүйнө” жаралат деп ойлойм. Кыялданганды жакшы көрөм. Мен кандай ийгиликтерди багындырбайын ошонун баарына аруу кыялым аркылуу жеттим. Кыялданган ойлорумду жүзөгө ашырууда максатка чек жок.

Динара Асылбекова,NazarNews.kg

Последние новости