www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда таксист такси чакырып, кайра таксиден баш тарткан майып кардарын зордуктап, тоноп кеткен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жекшемби күнү Санкт-Петербургда 28 жаштагы майып кыз милицияга кайрылган. Айтымында, ал 10-ноябрга караган түнү Санкт-Петербургга жакын Горелово айылында жайгашкан үйгө такси чакырган. Кийинчерээк пландары өзгөрүп, таксиден баш тарткан. Бирок, айдоочу кардарына эмне үчүн таксиден баш тарткандыгын түшүндүрүп берүүсүн талап кылган. Айтымында ал унаага отурган, айдоочу анын коляскасын багажникке салып койгон. 

Маалымат боюнча, айдоочу майып кызды зордуктап, 900 рубль акчасын тартып алган. Такси чакырып кайра баш тарткандыгы үчүн дагы 5000 рубль компенсация төлөөсүн талап кылган. Жабырлануучуда андай акча жок болгондуктан, тууганынан карызга алууну чечкен. Айдоочу кардарды үйүнүн эшигине чейин алып барып, керектүү сумманы алып кетип калган. 

Айдоочу кечээ, 11-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 25 жаштагы Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Милиция кызматкерлери “тоноо” жана “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости