www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо иши боюнча соттук отурумда “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов суралды. Андан экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимдин жагдайын түшүндүрүп берүүсүн суранды.

Анда Авазов ага бардык инвестициялык долбоорлор президенттин аппараты тарабынан көзөмөлдөнүп тургандыгын айтып, бардык маселелер аппарат менен макулдашылчу деп билдирди. Андан сырткары ал, келишимге кол коюп жатканда болгону президенттин тапшырмасын аткарып жаткандыгын айтып, келишимге кол коюуну Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине чейин бүтүрүү керек болчу деп кошумчалады. Ошондуктан өз учурунда ал дагы өзүнүн кызматкерлеринен ишти тездетүүнү талап кылып жүргөндүгүн билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча “Электр станциялары” ишканасы ТВЕА компаниясы менен келишимге 2013-жылы кол койгон.

Ошентип, сотто Салайдин Авазов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди.  

Булак:NazarNews.kg

Последние новости