www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаевдин белчесинен баткан коррупциялык иштерине байланышы бар жеке ишкер Айэркен Саймаити Түркияда өлтүрүлгөндүгү белгилүү болду. Бул адамдын аты кыргыз коомчулугуна Азаттыктын «миллиондордун изи менен» деген аналитикалык материалынан кийин белгилүү болду. Анда, Саймаитинин аты Субихи Пархати аттуу Алмазбек Атамбаевдин «Форум» менчик ишканасынын кожоюну менен бирге айтылып жатат. Субихи Пархати Атамбаевдин жакын бизнес-өнөктөшү.
Ал эми Саймаити болсо өзүнө таандык «Абдыраз» фирмасы аркылуу ар кайсыл өлкөгө акча которуп турганын "Азаттык" иликтөөсүндө билдиргендей, эң кызыгы ал каражаттар Матраимовдун акчасы эмес, Алмазбек Атамбевдики экени каңкууланууда. Мурунку президент Атамбаев Түркия мамлекетинде узак убакыттан бери бизнес менен өтө активдүү шугулданып жүргөнү белгилүү. Түрк жарандары менен алака түзүп, контрабандалык жол менен тымызын тонналган мыйзамсыз товарларды ташып жүргөнү эл арасында айтылып жүрөт.
Контрабанданын далили: Дача Суга кулаган учак. Андагы товар эч бир жерден уруксат кагазы жок эле ташылып жүргөнү учак кулаганда гана белгилүү болгон. Дагы канчалаган миллиарддар көз жаздымда калып Кыргызстан аркылуу Атамбаевдин жашыруун иштери аткарылганы бир Кудайга жана жанындагы чет элдик жемкорлорго белгилүү болсо керек…
Атамбаевдин командасы «шефи» кылтакка түшөөрүн сезип калаары менен Пархатини Матраимовго байлап, 2011-жылы өлкөдөн 700 млн. доллар АКШ доллары чыгып кеткенин таңуулап далилдеп берүүгө аракет жасаганы менен ал ойлору ишке ашкан жок. Укук коргоо кызматкерлерин кошо кызыктырган аталган иликтөөнүн изи акыры Атамбаевдин дал өзүнө барып такалганы менен ачыкка чыккан эмес. Финансылык чалгындоо кызматы Атамбаевдин өлкө башында турган кезде коррупциялык кылмыш ишинин башында тургандыгын дагы терең изилдөөнүн аракетин көрөөр алдында, анын бизнес өнөктөштөрү аркылуу дагы бизге белгисиз жагдайлар ачылып, далилдер айтылмак… Демек, Атамбаев менен өтө тыгыз алака түзгөн Саймаити өлтүрүлүшү атайын буюртма болушу мүмкүнбү? -деген суроо жаралат.