www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы күйүүчү майга болгон баанын айрымасы 11-15 сомго чейин болуп, айдоочулардын арасында кызуу талкууну жараткан. Бул чатак ЖКнын жыйынына чейин жетип, вице-премьер дагы муну моюндаган болчу. Бирок, май куйган станциялар бааны дээрлик анча көлөмдө арзандатышкан жок. Бирок, бир аз ылдыйлоолор болду. Ошондон улам ар жерде туруп май сатуу күчөп кеткен. Муну деле өкмөт токтото алган жок, - деп жазып чыкты "Факты.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Алар АИ-92 үлгүсүндөгү майды 36 сомдон сатышууда. Айрым май куюучу станциялар бул майды 39-42 сомго чейин сатууда. Майдын арзанына караган айдоочулар көчөдөн сатылган майларды тандап куюшууда.

Бул ЖКда кайрадан талашты жаратып, депутат Сайдулла Нышанов алардын артында ак үй, көк үйдөн колдогондор бар дегендей таризде оюн айтты. «Күйүүчү майды аткезчилик жол менен эч ким ташыбайт болчу, эгерде колдоочулары "ак үй" же "көк үйдө" отурбаса", - деп билдирди депутат ЖК жыйынында. Эл өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары дагы үлүштө отурушу мүмкүн.

«Менде бул жаатта тажрыйба бар», - деп билдирди Нышанов күтүүсүз. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттан «Сиздеги тажрыйба күйүүчү майды аткезчилик жол менен ташуудабы же тескерисинче аны менен күрөшүүдөбү?» - деп сурады. Депутат Нышановдун буга чейин БНК май куюучу станциясы бар болгонун баары эле билет. Ал эмнеге арзан майлардын сатылышына азап чегип жатканы да түшүнүктүү.

Өкмөт башчы эми Казакстандан күйүүчү май ташылып келбесин билдирди.

Булак:NazarNews.kg

 

 

Последние новости