www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ундун наркынын өсүшү кыргыздын бай катмарына эмес, кыргызстандыктардын 90 пайызын түзгөн орто жана жакыр катмарына түздөн-түз келип тишине тийип жатат. Парламентте дээрлик бирин-экин орто катмарлардан болбосо, калганы Атамбаевдин аркасы менен депутат болуп келишкен кыргыздын чириген байлары. Парламент депутаттарды элдин камын ойлогон жок, алар өз капчыктарын ойлошуп, ун тармагына болгон салыктык жеңилдетүүлөр аркылуу 650 миллион сомду бөлдүрүп алышкан. Кана жыйынтыгы? Ундун баасы тормозу жок өсө баштады. Ун-олигарх, парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев минтет:   «Азыр ундун баасы 1300 сом, түштүктө 1500 сом болуп атат. Мындай акыбал менен январь-февралда 2000ге барып калышы мүмкүн. Октябрдын 20ларында Ошто баа 1800гө чыгып кетиптир».

Албетте, балким ундун кымбаттаганы Бакыт Төрөбаев сыяктуу унпуруш депуттарга жагып жаткандыр, анткени алар жөлөп-таяп жатышып Жогорку Кеңештен ун чыгаруучулардын чырагына май тамызып жатпайбы? Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңешке келгенге чейин 2000-2007-жылдары «Мариям» ун комбинатын жетектеген. Мариям — депутаттын апасынын аты. Учурда да парламентте бакыйган фракцияны жетектеген менен унпуруштугу кала элек. Ун өндүрүү тармагына тиешеси бар депутаттар буудай импортун кошумча нарк салыгынан бошоткон мыйзамды өткөрүп, 650 млн сом пайда табышкан. Бул пайдага ыкташ унпуруш жалгыз гана Бакыт Төрөбаев эмес, унпуруштар КСДП партиясынан Чыныбай Турсунбеков, «Кыргызстандан» Шаршенбек Абдыкеримов, «Өнүгүү-Прогресстен» Мирлан Бакиров бар дешип кан-какшап жашын төккөндөр толтура.

Кыргызстандыктарга ундун кымбаттаганы бычак менен көкүрөккө малып алгандай катуу тийди. Ал эми унпуруштарга ундун кымбатташы пайда алып келет. Казакстан дың жери аркылуу убагында бүт союзду багып, андан тышкары сыртка эгин экспорттоп турчу. Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөдө эгин чыгара турган унпуруш мамлекет, казактын компаниялары Кыргызстанда да ундун баасын, сапатын, көлөмүн көзөмөлдөп жатат. Ун, жем, комбикорм, макарон жана башка ун азыктарын бүт Нур-Султан көзөмөлдөөдө. Бүгүн Кыргызстандын бир да компаниясы алган жеңилдиктерди капчыгына салышып, арийне, ички рынокту көзөмөлдөй алышпайт. Анда эмнеге 650 миллион сомду бөлдүрүп алышты? Эгерде ундун наркы 2000 сомго чыкса баягы эле шордуу элге эмне болот?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости