www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда кечээ күнү Айеркен Саймаитини  өлтүрүп кетишкен. Анын чөнтөгүнөн полиция кызматкерлери 34 CC 2902 номурлуу Range Rover унаасынын ачкычын табышкан. Азырынча ал номур Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгууда.

Эркин Сопуков 1985-1989-жылдары “Кыргызстандын 60 жылдыгы” совхозунда айдоочу, 1998-2002-жылдары “Кыргызавтомашта” айдоочу, “Кыргызавтомаштан” кийин Сопоков ИИМ жана салык кызматында ар кандай кызматтарда эмгектенген. 1995-жылы ал Ташкенттеги Ислам институтун, 2002-жылы Кыргыз педагогикалык университети жана 2005-жылы Москвалык ишкерлер институту жана укук боюнча Бишкек филиалын аяктаган.

Ал эми КРнын тышкы иштер министрлиги кылмыш катталган жерде табылган унаадагы дипломатиялык номур жасалма экендигин дароо билдирип, бирок дагы тактоо иштери жүрүп жаткандыгын маалымдашкан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости