www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээге жыл жыйынтыктаган президенттин маалымат жыйынынан кийин Текебаевдин эркиндикке чыгышы күмөн экендигине элдер ынангандай болуп калышты. Себеби, буга чейин президент көрсөтмө берип, аны эркиндикке чыгарат деген үмүт чоң болчу. Тилекке каршы, президент бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек деген ойду кыйытып, мунапыс гана бере аларын айтты.

Бирок, Текебаев президенттен кечирим сурабайм, сурагыдай күнөө кылган эмесмин деп көшөрүп жатыптыр. Сыягы, Текебаевдин эркиндикке чыкканына азыркы бийлик кызыкдар эместей. Болбосо, аны чыгаруунун жолун табышмак да. Тилинен чаң чыккан Текебаевди эркиндикке чыгарсам, тынч жашоомду бузуп, дагы бирдемени ойлоп табат деп кооптонуп жатабы? Же тынчы жок кишини мен эмес, Атамбаев камаган, мага таарына турган жөнү жок, эркиндиктин баркын билип жата турсунчу дедиби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости