www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов төрага Дастанбек Жумабековго ишенбөөчүлүк жарыялоо керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламентте вице-спикер Асел Кодуранованын маселеси каралып жатканда айтты.

Депутат менен төрага маселени күн тартибине киргизүү жана добуш берүү ыкмасын тандоо тууралуу талашып, айтыша кетишти.

Сулайманов Жумабековду "туура эмес кылып жатасыз" деди:

- Сиз актанбаңыз, сиз туура эмес кылдыңыз! Эгер ушундай кыла берсеңиз үчөөңдү тең ротация кылышыбыз керек. Түшкүлө үчөөн тең. Алмаштыралы баарыңарды!

- Сиз түшкүлө деп айтканга укугуңуз жок. Мыйзам бар.

- Укугум бар.

- Анда мыйзам менен келиңиз. “Түшкүлө” дегидей эмне, бул жер сиздин ордуңузбу?

- Ишенбөөчүлүк көрсөтөбүз сизге бүгүн!

Ага чейин КСДПнын лидери Иса Өмүркулов фракциянын Кодуранованы вице-спикерликтен кайра чакыртып алуу жана добуш берүүнү жабык электрондук ыкма менен өткөрүү сунушун киргизген. Төрага Жумабеков сунушту добуш берүүгө коюп, ал көпчүлүктүн колдоосуна ээ болду.

Бирок айрым депутаттар мында регламент жана процедура бузулганын айтып чыгышты.

КСДПнын мүчөсү Мурадыл Мадеминов фракциянын Кодуранова тууралуу чечими “регламентти одоно бузуу менен кабыл алынганын” айтты.

Парламенттин КСДП фракциясы 14-декабрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын атынан сунушталган депутат Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алууну чечкен.

Кодуранова вице-спикерлик кызматка 2017-жылы шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости