www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттардын "жарымы Атамбаевчы, жарымыбыз Жээнбековчу болуп бөлүнгөндү качан токтотобуз?" деген пикирин бүгүн, 20-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Жанар Акаев вице-спикер Асель Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу сунушу берилип жатканда билдирди.
Жанар Акаев "Бир Бол" фракциясынын лидери катарында Алтынбек Сулаймановдун төрагага сын айтууга укугу бар экенин кошумчалады.
"Качан парламенттик көз карашта иштейбиз? Бирөөгө жалданма болгонду качан токтотобуз? Дастан Артисбекович, төрагалыкка шайланып келе жатканда "сын угууга, бардык кыйынчылыкка даярмын" деп келип алып депутаттарды уруштуруп, өзүңүз кыйкырышып отурасыз", - деди Акаев.
Жогорку Кеңеш бүгүн саат 14:00дө Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алуу маселесин карайт.
Булак: NazarNews.kg