www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы өтө турган шайлоо көп кызыктар менен коштоло тургансып калды. Текебаев ар дайым айтып келген "саясатта достук жок, кызыкчылык гана бар" дегенин, дагы да болсо ойноткусу келип турат өңдөнөт. Жакында басылмалардын бирине берген маегинде, бир кездерде аны саясаттагы "сары балапан" же "коркок" атап жүргөн Бабанов тууралуу эл күтпөгөн мактоолорун айтканы таң калычтуу болуп жатат. Анда Текебаев Бабановдун кадыр баркы өзүнүкүнөн өйдө экенин айткан. Эми айтпаганда эмне кылсын. Кызыкчылык сыягы башка жакта болуп жатса керек да.

Убактылуу өкмөт тушунда ЖКга аттанып чыккан атамекенчилер 5 пайыздык барьерден араң өткөнү, аны Адахандын ордуна убактылуучулар эле өткөрүп коюшканын да айтып чыккандар болгон. Бүгүн келээрки шайлоо барьери 9 пайыздык чекке жетип, ага каршы болгондор көп болду. Анын катарында Текебаевдин да бар экени айкын болду. Анын элге кайсыл бир жаңы жаш партияларга кылган аракетидир. Ошентсе да, ал жерде жеке өзүнүн кызыкчылыктары болбой калышы мүмкүн эмес Бир айтты, бирок бийлик билмексенге салды. Президент да бул пайыздык көрсөткүчтү колдогондой түр көрсөттү.

Ушундан уламбы, Текебаев келээрки шайлоонун шарданы баягы эле курган байлык, анан кадыр-барк ойноп кетээрин түшүндүбү, акчалуу, кадыр-барктуу катталарга "капкан" жая баштады. Ал ачык эле башы соттордон чыкпай жаткан Бабановдон башталгандай. А ким билсин, мүмкүн башты бат эле айланткандардан алдына ат бастырбаган Бабанов деле Текебаевди бат эле имерип койдубу? Казакбаевдин "кара магиясы" күчтүү болгон тоюнда, бул эки Өмүрбектин жубайлары менен жанаша түшкөн сүрөттөрүн деле көрбөдүк беле. Ал той деңизчи. Эмне тойдо тоо омкороор ойлор болбойт бекен? Казакбаевдин баласынын бактысы баталар менен "баталашуу" бараңдуу бирикменин башаты болуп калышы эмнеге жаман болсун?

Анан калса аз күн мурда Рыскелди Момбеков дагы атамекенчилер менен чайлашып жатканы да жөн эместир. "Чимкирик" атка конгон парламенттеги партиялардын бир тобу, келээрки шайлоодо шансы аз болоорун билишет. Ага караганда абактан атак алып чыккан атамекенчилер Текебаев менен Чотоновдун жүздөрү жарык. Катарына, ажолук ат чабышта канча бир шайлоочунун добушун алып, азыр саясий туткун болуп атат таризде мүнөздөлгөн, кайсыл бир тараптын үмүтү болгон Бабановду кошуп, кадыры жаман эмес, азыркылардын алдыңкы депутаты болуп жаткан Момбеков менен Акаевди айлампасына алып алышса, араларына жаш жаңы жүздөрдөн кошуп коюшса, анда булардын аракети бийликти бир тепкендей эле кылат, мындай болбойт деп ким кепил болот эле?- деп "Фактыkg" гезити жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости