www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“ИГИЛдин” атын укканда уктап жаткан адам уйкусунан ойгонот. "ИГИЛдин" жырткычтыгы ай-ааламга белгилүү, алар адамды тирүүлөй  мыкаачылык менен кыйнашып, артынан мууздашкан. Абу Бакр аль-Багдади  1971-жылы туулган, 2004-2014-жылдары “Аль-Каиданын” лидери болгон. Мурдакы лидер Абу Бакр аль-Багдади өткөн апта соңунда АКШ тарабынан өткөрүлгөн операция учурунда жок кылынган. "ИГИЛ"  лидери Абу Бакр аль-Багдади өзү менен чогуу эки баласын кошо жардырып жиберген. Буга чейин үч баласы деп айтылып жаткан. 

Өздөрүн "ИГИЛ"  атаган экстремисттик топ жаңы лидеринин ысымын атады. "ИГИЛ"  тобунун жаңы "халифи" Абу Ибрагим аль-Хашеми аль-Кураши болгону айтылып жатат. Анын ысымын ""ИГИЛге" байланышы бар булактар жарыялады. Хашеми анын каймана аты дагы болушу мүмкүн. Экстремисттик топтун билдирүүсүндө лидер туралуу көп деле маалымат айтылган жок. Аны "улама" жана "жихаддык ардагер" деп аташкан. Ошондой эле экстремисттердин жаңы "өкүлү" пайда болду. Эми топтун атынан билдирүүнү Абу Хамза аль-Кураши жасайт. Мурда бул кызматты Абу Хассан аль-Мухажир аткарып келген. Ал дагы аль-Багдади өлтүрүгөндөн бир нече сааттан кийин эле жок кылынганы белгилүү болгон. Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топ 2014-жылы Сирия менен Ирактын чоң аймагын ээлеп алып, "халифат" түзүлгөнүн жарыялаган.

Топтун лидери Абу Бакр аль-Багдадини "халиф Ибрагим" деп аташып, экстремисттердин версиясы боюнча ага бүтүн мусулмандар ант бериши керек эле. Март айында "ИГИЛ"  тобу талкаланганы тууралуу билдирүүлөр жасалды. Бирок согуш талаасында талкаланганы менен экстремисттик уюмдун жактоочулары дале бар. Жакында эле жарыяланган америкалык атайын кызматтын докладында учурда Сирия менен Ирактагы ""ИГИЛ" тарапкерлери 14 миңден 18 миңге чейин деп көрсөтүлгөн. Алардын үч миңдейи чет өлкөлүктөр. 

"ИГИЛ" экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясы

Кечээ күнү АКШнын Коргоо министрлиги "ИГИЛ"  экстремисттик тобунун лидери аль-Багдадини өлтүрүү операциясындагы видеону жарыялаган. Ошондой эле журналисттерге Идлиб провинциясындагы рейд тууралуу дагы маалымат берилди. Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгынын башчысы (CENTCOM) Кеннет Маккензи операция учурунда алты жоочу, анын ичинде төрт аял өлтүрүлгөнүн айтты.

"Биз жайкын тургундар арасындагы курмандыктарга жол бербөө үчүн болгон чараларды көрдүк. Объектиде балдар дагы бар болгону тууралуу маалымат бар эле. Ошондуктан аларды коргоо чаралары дагы каралды. Ал жерде атайын багыттагы аскерлерге кооптуулук жараткан "ИГИЛ"  тобунун беш жоочусу болгон. Куралыңарды таштагыла деген араб тилинде айтылган буйрукка баш ийишкен жок. Алардын баары өлтүрүлдү. Төртөө аял, бирөө эркек киши экен", -деди Маккензи. "Аль-Багдади жер алдындагы өтмөккө жашырынып калууга аракет кылган. Башында ок чыгарып коргонуп, бирок өзүн жардырып жиберген. Генетикалык анализдер өлгөн киши аль-Багдади өзү экенин тастыктады", -деди Маккензи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости