www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эртенки шамалдын эпкини...»деген пикирин мурдагы бийлик учурунда темир торго бчейин барып тыгылган Темирлан Ормуков жазып чыкты.

Ормуковдун пикири төмөндө толугу менен:

Ыкшоолонуп ымтырап ыргылжың саясат жүргүзүп жатып Чоң-Агай айдалып калаар бекен акыры? «Ойчул ойлонгуча тобокелчи барып келиптир» дегендей Жээнбеков ойлонуп, толгонуп Атамбаевди тууралагыча өзү туураланып калмай болду. Кытайларга каршы деген митингдин аркасында Атамбаев гана турат. Бул митинг «пробный шар» десек болот. Арашандагы ит жүз грамм менен кең ешип  өнөрүн көрсөтө баштады...
Ооо-ой айланайын Жээнбеков ойгончу, ойлончу, чечкиндүү болчу! «Жоо аяган жаралуу» деп коёт кыргызда... «Тишиң барда таш чайна, тиш түшкөндө аш кайда» демекчи чамдабасаңыз болбойт. Атамбаевди кама! Коркпо, эч ким азыр мурдагыдай көтөрүлүп кетпейт. Атамбаевдин балдарын жана инисин тымызын каймана барымталап, түшүндүрүп коюш керек, булардын тагдыры сенин колуңда деп. Антпесе Алмаз кудайдан да мыйзамдан да коркпойт. Мерчемдүү күнү аянтта дагы кан төгүлүп, жаштар дагы өлгөндө ошондо гана Кыргыздар ойлоносуңар да башта эле олтуруп салбай деп. Кыскасы, азыркы митингдер эртеңки шамалдын эпкини. 
Айтмакчы, бир кездерде мен АШАны жамандап айтсам көбү туура эмес  көрүшчү, акыркы кезде мен эле туура болуп калдым. Анткени азыр АШАны жамандаган киши көп. Ошол сыңары бул жолу да туура сындап пикир айтып жатам. Кийин баарыңар  мен айткандарды окуп же эстеп өкүнүп каласыңар.

Темирлан Ормуков, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости