www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 10-январында Ала-Бука районунун жолунда Бишкек шаарынын 1988-жылкы тургуну ок атуудан каза тапкан. Маркум Улан К. Жалал-Абад облусуна акча таап алганы каттачу. Бул боюнча маалыматты VB.KG порталына аймактык ИИМдин басма сөз инспектору Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтуусунда, каргашалуу окуя 10 январьда түнкү саат 3тө Чаткал районунун Терек-Сай айылында болгон. Улан К.өзүнүн досу А.Э. (1983-жылы туулган) менен – Вольво-FH 12, жүк ташуучу унаасы менен бара жатышкан (ЖААО "ЧААРАТ ЗААВ" фирмасына таандык). Бирок, алардын жолун Ак-Там айылынын тургуну 1994-жылкы Аскат Э. аттуу жаран "БМВ" үлгүсүндөгү унаасы менен токтоткон.

Улан Аскатты унаасын ары жылдырп коюуну суранган, бирок, алардын ортосунда кайым айтышуу пайда болуп Аскат унаасынан мылтыгын ала коюп, каршылашын атып жиберген. Окуя болгон жерден кылмышкер изин жашырып качып кеткен.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза Кодексине ылайык, 130-беренеси ("Адам өлтүрүү)боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышкерди ыкчам-изилдөө чараларынан кийин, "изи сууй электе" бир нече сааттан кийин милиция кызматкерлери кармап Чаткал районунун милиция бөлүмүнө алып келишкен.

Аны кармаган учурда кылмышкер мас абалында экендиги аныкталды.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

 

Последние новости