www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлбөгөн жанга жаз келет. Жаз жакындап, саясатчылардын күбүр шыбыры башталганын көргөн Мелис Турганбаев да үйүндө жөн жатпай «Вести» сайтына маек бериптир. Анда Сооронбай Жээнбеков кызмат убада кылбаганын, бирок өзү эле президенттик шайлоодо Нарында, Чүйдө, Таласта добуш алып бергөнин божураптыр. Учурда Турганбаев чакан бизнес менен алектенип атканын, ошого катар спортту да таштабай машыкканын, эгерде өкмөт кызматташууга чакырса жардам берерин айтып, анан калса, өмүр бою мамлекетке кызмат кылып келгени менен мактаныптыр. Баракелде! Азаматсың! Өмүр бою милицияда кантип иштеп, эмнеден байыганын идиректүү эле полковниктерден сурамжылоо жүргүзсөңөр, Турганбаев боюнча кандай гана сайрап беришерин угасыңар. Албетте, алар кызматтык этиканы сакташып, ачык айтышпайт эмеспи. Баса, башкасын айтпасак да, Алайдын намыстуу уулу Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча не дейсиз? Алманбеттин өлүмүнө шектүү катары суралган Гүлжигит аттуу жаранды ИИМдин кызматкерлери атайын Минск-Москвадан алып келишпеди беле? Ал азыр кайда? Тирүүбү, же «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп өлтүрүлгөнбү? Албетте, биз суроо берип атабыз. Дагы көп суроолордун «түйүнү» чечилбей турат…
Булак: NazarNews.kg