www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын ири компанияларынын расмий өкүлдөрү Ош шаарына инвестиция салуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө келишти.
17-январда калаа жетекчилиги Кыргызстан-Түркия Кайсери Ардак консулу, доктор Мустафа Курт башында турган делегацияны кабыл алып, кызматташууларды ар тараптан карап чыгышты.
Түрк тараптан келген өкүлдөр Ош шаарындагы инвестициялык климатты жакшыртуу, биргеликте ишканаларды ачуу жана алдыдагы пландарын айтышты.
Шаардын 1-вице-мэри Саибжан Турдуев жергиликтүү бийлик кызматташууга дайыма даяр экенин айтып, калаанын экономикалык өсүшү үчүн чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүп берүү боюнча бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшай тургандыктарын билдирди.
Ал эми доктор Мустафа Курт белгилегендей, алар шаардагы инвестициялык климат менен таанышып чыгышкан, демек, Ош шаары бул жаатта аларга ыңгайлуу болууда.
Ош шаарына келишкен түркиялык ири компаниянын өкүлдөрү шаардагы бизнес өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушууну да пландашууда.
Белгилей кетсек, Ош шаары түркиялык компаниялар менен түрдүү багытта кызматташып келет. Атап айтканда, курулуш, өндүрүштүк, тигүүчүлүк боюнча ишмердүүлүктү жолго коюшкан.
Быйыл “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” катары жарыяланган. Жергиликтүү бийлик ушул эстафетаны алгандан кийин, бул жылды татыктуу өткөрүү аракетин көрө баштады. Жыл башында эле интеллигенция өкүлдөрү менен биргеликте ушул жылда аткарыла турган иштердин сунушталмаларын талкуулашкан.
Сунуштарда негизинен 3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаарынын маданий баалуулуктарын, тарыхын, улуттар аралык достукту чыңдоого болгон аракеттерин көрсөтүү, маданий иш-чараларды жана илимий конференцияларды өткөрүү демилгеленди.
Булак: NazarNews.kg