www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирлан Султанбеков популист болуп баратат

Мурдагы президент Атамбаев үчүн төшүн дзотко тосууга даяр жаш саясатчы Темирлан Султанбеков деген бар. Сөз жок, билимдүү-илимдүү, келечекте чоң саясатчы болчу потенциалы бар жигит. Башкаларга сын айтса, дайыма факт, аргументтер менен сүйлөгөндүгү, эч ким айта албаган ачуу чындыктарды коркпой, үркпөй айта алгандыгы менен эл оозуна алынууга жетишти десек болот. “Жылдыз оорусуна” чалдыкканбы, же популизмдик ага да жеткенби, ким билсин, акыркы учурларда калпты чындай койгулап, маалыматтарды бурмалаганга өтө баштаган учурларына күбө боло баштадык.

Дегенибиз, аз күн мурда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда көп маалыматтарды айткан. Анда бул тууралуу таптакыр сөз болбогонуна карабай, “УКМК жарандарды кыргыздар жана кыргыз эместер деп бөлүп жатат” дегенди айтып жүрөт. Бирок Султанбековдун минтип айтканына Ташиевдин кайсы сөзү себеп болгондугун биле албай башыбыз маң.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости