www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25 январь күнү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйынында туризм маселеси чоң талкууга алынды, ошонун ичинен туризмдин чарбалык, логистикалык, техникалык, деги эле Кыргызстандын туризм саясатынын маселелери ар тараптуу жана мазмундуу талкууланды.
Албетте өкмөт туризмге өзгөчө көңүл бурулушу абдан жакшы жышаан, муну колдоп жана азыр деле колдоого алып келе жатабыз. Анткени туризм бул биздин экономикабыздын салмактуу жана маанилүү багыты, бөлүгү. Туризмди бир мамлекет көзөмөлгө алып, жеке тараптарга бийлик өнөктөш болушу маанилүү. Ошону менен бирге туризм жаатында өкмөттү бир нерсеге көңүл бурдургум келет.
Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө Ысык-көлдөгү Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын курорттук обьектилердин “Жыргалаң”, “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийлердин жана Жалал-Абад дагы курорттордун туризмди өнүктүрүү багытында зор потенциалы бар экенин айта кеттиңер. Бул ойго толугу менен кошулабыз жана колдойбуз, бирок баса белгилеп кетчү нерсе бар.
Учурдагы профсоюздардын жетекчилигинин жеке кызыкчылык чабал, жиликтеп-сатуу, саамай менеджментинин артынан тейлөөнүн сапаттары жалпы профсоюздук курорттордо оңолмок түгүл кайра начарлады, аны сокур киши деле көрүп турат.
Өкмөттүн азыркы мезгилдеги прогрессивдик туризмге тийиштүү демилгелерин колдомуш болуп, профсоюздун дөдөй жетекчилиги толугу менен жокко чыгарып, башкача айтканда саботаж кылышып, келе жаткан жайкы туристтик сезондо адаттагыдай кайра уят кылышат. Мындай пикирин жаш саясатчылардын катарын толуктаган Тимур Саралаев билдирди.
Булак: NazarNews.kg