www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекмуратовдун бети ушунча калыңбы?

Өткөн сандарда жазган элек. Дың дебеди. «Бет деген бетон» деген ушул окшойт, чиркиндики. Дагы кайталоого туура келип туру. Андасөз башынан болсун. 2015-жылы Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автотранспорт агенттигинен 1 миллион 856 мин сом уурдалганы аныкталып, факты боюнча кылмыш иши козголуп.уурулукка түздөн түз катышкан агенттиктин директору Анарбек Бекмуратов менен бухгалтериянын кызматкерлери жумуштан бошотулган. Көрүнүп тургандай өтө чоң суммадагы, 2миллион сомго чукул каражат кымырылып кеткен. Маалыматты уккандын баары болду-болбоду бюджетке кол салгандар эми камалат дешкен.

Бирок, Анарбек Бекмуратов эки жыл өтпөй 2017-жылдын сентябрь айында аталган кызматка кайрадан келиптир. Көрсө, Бекмуратовго козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен Башкы прокуратура тарабынан токтотулуп, бухгалтери 300 миң сом менен кутулуптур. Бул эмне деген шумдук. 2 миллионду кымырып, анан 300 миңин төлөп чыга берсе болобу?

Андан да кызыгы, жоголгон акчанын айынан кызматтан кетирилген башкы бухгалтер Жумагул Сайбекованы азыр Бекмуратов кайрадан жумушка алганы турат. Бул Бекмуратов дегенде беттен мурда абийир соту деген таптакыр жок окшойт да. Эгер биз мыйзам сыйлаган өлкөдө жашасак, бухгалтерин турмак, Бекмуратовдун өзүн бул кызматка кайра таптакыр жолотпош керек эле. Жолотууну мындай кой, ал тиешелүу жазасын дагы алышы керек болчу. Болор-болбос акчаны кайтарып берди деген күндө да экөөсү биригип уурдаганы факт да. Көгүлтүр экрандан коррупция менен күрөштүк, баланчага кылмыш иши козголду деп шилекей чачыратып мактанганыбыз менен алар кайра кызматка келип иштеп жатканы неси?

Кыскасы, бул көрүнүш министрликте жемкорлук болуп көрбөгөндөй гүлдөгөнүн тастыктайт. Эртен 520 миң доллар пара алып жатып кармалган Транспорт министринин орун басары дагы кайра кызматка орношуптур десе таң калбай деле койсок болчудай... 
Арийне, Бекмуратовдун ошол кездеги кылмыш ишин кайрадан көтөрүп, анын кандай жагдайлар менен токтотулганын, кантип бул эргул сүттөн ак болуп чыкканын, анан да жем жеп көнүп калган «акырына» кайрадан кандайча келип калганын текшерүүгө неге болбосун?

Булак: "Де-Факто"
 

Последние новости