www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-апрелден кийин Кыргызстандын Улуттук банкынын ячейкаларынан Змлрд, 670млн АКШ доллары турган Казакстаңдын векселдери (баалуу кагаздары) табылган. Бул векселдерди Казакстандын улуттук банкы атайын тоо кендерине карата чыгарган, Ошол себептүү векселдер биздин улуттук банкта сакталышы мүмкүн эмес болчу. Муну атайын кызыкдар болгон казак чиновниктеринин биринин адамдары мыйзамсыз алып келип биздин банкка каткан.

7-апрелден соң табылган казак векселдерине акты түзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райоңдук сотуна өткөрүлгөн. Ал эми векселдердин үлгүсү Казакстандын улуттук банкына экспертизага жиберилген. Алар "Бул чындык. Биздин векселдер"-деп баасын, нускасын далилдеп бизге жооп беришкен. Ошентип Биринчи май райондук соту табылган векселдерди улутташтырып, векселдерди биздин банкта сактоого алып келген казак жаранын камакка алуу чечимин чыгарган.

Бизге түшкөн маалыматка караганда, мындай чоң сумма аралашкан ишке ошол кездеги Президенттин аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев кийлигишип, ошол кездеги Башкы прокурор айымдын жардамы менен прокуратура Жогорку Сот менен сүйлөшуп, натыйжада казакты камактан чыгарып, векселдер кайра казактарга кайтарылып берилген. Чек арадан чыгып бараткан казакты биздин чек арачылар колго түшүргөндө, ошол эле аппарат башчы менен баш прокурордун кийлигишүүсү менен бошотулуп, Казакстанга өткөрүлгөн.

Бирок учурда ошол аты аталган векселдердин ээси Кыргызстандын жараны Абыт Атарбеков болуп чыгууда. Кандайча? Учурда миңдеген кыргыз жарандары Атарбековдон насыяга акча күтүп, ай караган текедей эле болушууда. Укук коргоо органдары бул ишти иликтемек тургай, өздөрү аралашып алгандан сообу деген суроого келип такалат экенсиң... кимде дал ушул туурасында маалыматтар болсо редакцияга кайрылсаңыздар болот.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости