www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочулардын айтымында, 28 жаштагы айдоочу тоо лыжа базасынан келе жаткан.
Арашан айылына жакын жерде Lexus GX 460 үлгүсүндөгү автоунаа 150-200 метр бийиктиктен кулап түшкөнүн Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Кырсык 24-январда болжол менен саат 15:30дар чамасында болгон. 28 жаштагы айдоочу "Чуңкурчак" тоо лыжа базасынан келе жатып, жолдун тайгактыгынан улам рулду башкара албай жардан кулап кеткен. Машина бир нече жолу ала салып, айдоочу окуя болгон жерде каза болгон.
Автоунаанын ичинде ал жалгыз экени белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg