www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Той, той тойдон кийин “бой”

Орок айылы жайында түрктөр менен мушташып, Чүйдүн губернатору Туйгуналы Абдраимовду шыпырып кеткени менен атагы Кыргызстанга шуу чыккан. Бүгүн да Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылында үйлөнүү тоюнан кийин ок атылып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы дүйшөмбү күнү кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева  билдиргендей, окуя 29-сентябрда болгон. Орок айылында тойдон кийин жаштар Жал айылынан баргандар менен мушташа кетишкен.

- Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Ленин райондук милициясына ооруканага ок тийген эки эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ички иштер кызматкерлери сураштырганда алар Ороктогу окуядан жабыркагандар экени аныкталды, - деди ал.

Ок кайсы куралдан атылганы азырынча так аныктала элек. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Быйыл июнь айында Чүйдүн Төмөнкү Орок жана Жаңы-Жер айылдарында өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, милиция жана аксакалдар кийлигишип жатып токтотушкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости