www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте Instagram социалдык тармагында жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө таштанды төгүлгөн аймак тазаланып, жер тилкеси санитардык талаптарга ылайык келтирилген.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча Токмок шаардык мэриясына 17 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, рейд учурунда Токмок шаарында таштандыны атайын белгиленбеген жерде өрттөө фактысы аныкталган.

Эреже бузган жаранга административдик чара көрүлүп, 7 миң 500 сом айып салынды.

Жалпы салынган айып пулдун суммасы 24 миң 500 сомду түздү.

Последние новости