www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкө аймагына товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук кылмыштуу схеманы аныктады.
Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар иш жүзүндө ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты колдонуп, товарларды өлкөгө алып кирүү схемасын уюштурганы аныкталган.
2026-жылдын июнь-август айларында товарлар «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу алардын наркын төмөн көрсөтүү менен киргизилип, кийин тиешелүү салыктык эсепке алуусуз сатылган.
Ошондой эле товарларды ташууда 2024-жылдын 30-апрелинен бери ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн субъект катары таанылган «К» жеке ишкеринин атынан жасалма товар коштоочу документтер колдонулганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (жалган ишкердик) жана 222-беренеси (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.